Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:59

Тони Блэр сунуш кылган мыйзам долбоору араң бекитилди


Британиянын премьер-министри Тони Блэр жогорку окуу жайларындагы окуунун акысын көбөйтүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун араң сактап калды.
Шейшемби күнү Блэрдин университеттердеги окуунун акысын көбөйтүү планын парламенттин 316 мүчөсү колдоп, 311 депутат каршы чыкты.
Каршы добуш берген депутаттардын ичинде башкаруучу Жумушчу партиясынын 70 мүчөсү да бар.
Лорд Брайан Хатон былтыр өзүн өзү өлтүргөн өкмөттүн аскерий эксперти Дэвид Келлинин өлүмүн иликтеген отчетту бүгүн жарыя кылат.
Келли өзүн Ирактын кыргын салчу куралдарынын коркунучу апыртылып көрсөтүлүшүнө негиз болгон маалыматты Тони Блэрдин өкмөтүнө берген деп шектелгенден кийин өлтүргөн.
Лорд Хаттондун изилдөөсү “Келлинин ысмы маалыматтын булагы катары ашкере болуп кетүүсүнө Тони Блэр жеке өзү жооптуубу?” деген суроого жооп бериш керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG