Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:21

Кабулдагы жардырууну чындап эле талибдер уюштурдубу?


Шейшемби күнү Кабулда жанкечти жардырган бомбадан НАТОнун коопсуздук күчтөрүндө кызмат кылган канадалык жоокер жана ооган жараны курман болушту.
Бомба чабуулунан канадалык үч аскер жараат алганын Ооганстандагы эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү, канадалык майор Кевин Арата маалымдады.
Алардан тышкары тогуз ооган жараны да жарадар болду.
Чабуул үчүн жоопкерчиликти талибдер өздөрүнө алышты. Көз карандысыз булактар бул кабарды тастыкташа элек.
Ушул эле күнү Ооганстандын чыгышындагы АКШлык аскерлердин базасынын жанында болгон салгылашууда америкалык үч жоокер жарадар болду.
Кунар провинциясында бомбага кабылып, дагы америкалык үч аскер жараат алды.

XS
SM
MD
LG