Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:51

ИРАКТА КЫЯНАТЧЫЛАР КЫЧАДЫ


Иракта соңку эки күн ичинде эле америкалыктар алты аскерин жоготту, куралдуу кыянатчылыктан өмүрү кыйылгандардын саны жалпы эсепте он экиге жетти. Дал ушундай шартта ООНдун баш катчысы Кофи Аннан Иракта эртелеп шайлоо өткөргөнгө мүмкүнчүлүк бар же жок экенин аныктоо үчүн эл аралык эксперттерди Багдадга жөнөткөнгө макул болду.

Аннандын чечимин коопсуздук кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү кубатташты, бирок Иракта азырынча жалпы элдик шайлоо өткөрсө болорунан баары текши күмөнсүнүштү. ООНдун Ооганстандагы мурдагы өкүлү Лахдар Брахими мындай иштин Ирак үчүн шарапатынан кесепети көп болот деп эсептейт. Коопсуздук кеңешинин учурдагы төрагасы, Чилинин ООНдогу туруктуу өкүлү Хералдо Муноз ачык-айрым жана толук ишенимге арзыган шайлоонун кам-чому кыйла убакытты аларын эске салды. Муну беш же алты айда жасап салганга болбойт, мындай милдетти ООНдун миссиясы да чече албай тургандыгын айтып,Муноз буга өз өлкөсүнүн – Чилинин тажрыйбасын мисал кылып келтирди.

Канадалык мурдагы дипломат, эл аралык тынчтык академиясынын жетекчиси Дэвид Малон да эркин жана адилет шайлоодон мурда көптөгөн иш-чаралар, өнөктүктөр талап кылынарын белгиледи. Баарыдан мурда саясий партияларды түзүү керек болот. Иракта мындай маанилүү элементтер али түптөлө элек. А эгер буга деле карабай шайлоо өткөрүлсө, ал саясий шакабадан башка эчтемеге жарабайт. Ошондуктан Малон бул иште жоопкеричиликти өзүнө аларда ООНго өтө этиет болгонго кеңеш берди. Анын үстүнө Кошмо Штаттары быйыл президенттик шайлоонун опур-топуру менен алпурушуп жатып, Ирактагы иштерге көңүл бурганга буямасы жетпей калышы ыктымал.

АКШнын ООНдогу өкүлү Жон Негропонте Ирактагы эрте шайлоо идеясына өзгөчө абайлап мамиле жасоо зарылдыгын туура көрөт. Бирок Ирактагы бул саясий процессти өнүктүрүүдө ООН маанилүү рол ойной ала тургандыгына ишенет.

Ирактагы шийиттер, алардын диний жетекчиси аятолла Али ал-Систани болсо баштагыдай эле саратан жайды күтүп отурбастан жакын аралыкта шайлоо өткөрүп, өлкөнүн өткөөл парламентин түзүү зарыл деген позицияда турушат. Бул маселени ООН иликтеп көрүп, ак же көк деген бүтүмүн айткыча шийиттер массалык нааразылык демонстрацияларынан кармана турууну чечишти. Кокус иш создугуп кетсе, өлкөдөгү кырдаал жалпы элдик тополоңго айланып кетиши ыктымал. Мындай шартта жоопкерчилик калктын талабын таңазар албаган коалицияга жана анын утурумдук бийликтерине жүктөлөт, деп эскертти аятолла ал-Систани.

Иракта кырдаал улам кыйындап баратканын соңку окуялар ырастады. Шаршемби күнү таңкы апак-шапакта Багдаддагы “Шахин” мейманканасына жакын жерде бомба жарылып, үч адам жайран болду. Андан бир күн мурда ушундай эле кыянаттардан он эки адамдын өмүрү кыйылды. Алардын ичинде америкалыктар алты жоокерин жоготту. Мындан тышкары америкалык CNN телеканалынын кабарчыларын ташып жүргөн автомашина Багдаддын четинде жабылта атылган окко кабылып, алардын тилмечи жана шоферу набыт болду.

XS
SM
MD
LG