Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

ХАТТОН БИ-БИ-СИ ЖЕТЕКЧИЛИГИН СЫНГА АЛДЫ, АЛ ЭМИ ТОНИ БЛЭР БУЛ ЖОЛУ ЖЕҢИЛДЕНЕ ҮШКҮРДҮ


Бүгүн британ сотунун мүчөсү, лорд Брайан Хаттон курал-жарактар боюнча адис Дэвид Келлинин өлүмү менен байланыштуу соттук териштирүүнүн жыйынтыгын жарыялады. Хаттондун пикиринде, Би-Би-Синин “Ирактагы массалык кыргын куралынын коркунучу тууралуу көбүртүп-жабыртып айткан” деп британ өкмөтүн сынга алышы жүйөөсүз болчу. Бирок бардык эле британдыктар Хаттондун тобунун тыянагы менен макул деп айтуу кыйын.

Бүгүн, январдын 28инде, британ премьери Тони Блэр өкмөт башчы жана саясатчы катары өзүнө карата туулган дагы бир коркунучтан аман-эсен кутулду десек болчудай. Былтыр май айында Би-Би-Си Ирактагы согуш үчүн жагдай түзгөн кырдаал тууралуу талаш-тартыштуу берүүнү обого чыгарган. Ал берүүдө Британ өкмөтү Иракта массалык кыргын куралдары бар деп чалгын маалыматын көбүртүп-жабыртып парламентке сунуш кылып, согуш үчүн уруксат алган деген доо камтылат. Кийинчерээк Британиянын коргоо министрлиги Би-Би-Синин мындай берүүсү үчүн тымызын булак болуп берген киши катары Дэвид Келли аттуу адистин ысымын атаган. Өз аты коомчулукка маалымдалып калган соң, турмуштан күдөрүн үзгөн доктор Келли өз жанын өзү кыйган болчу.

Деги, анын өлүмүнө ким чындап күнөөлүү? Келлинин өзүбү, же аны Би-Би-Сиге тымызын маалымат берген курал-жарак адиси катары басма сөзгө ашкерелеп койгон британдык бийликтин өкүлдөрүбү?

Дал ушул окуяларды талдап чыккан соң, атайын соттук териштирүүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Бул териштирүүнү жетектеген лорд Брайан Хаттон "Ирак режими 45 минуттун ичинде массалык кыргын куралын аракетке келтире алат" деген Блэрдин өкмөтүнүн тыянагынын Би-Би-Си тарабынан шекке алынышын туура эмес болгон деп санаарын айтты:

- Чыныгы акыбал мындай: алиги 45 мүнөт тууралуу тыянак чалгын кызматынын маалыматына негизделген. Бул маалыматка чалгын кызматы өзү ишенген. Дал ушул 45 мүнөттүк даярдык тууралуу тыянак өкмөттүн досьесине киргизилген. Буга Улуу Британиядагы чалгын маалыматтарын баалай турган эң жогорку орган – бириккен чалгын комиссиясы да өз макулдугун берген болчу.

Лорд Хаттон, бул сөздөрдү айтуудан тышкары, маркум Дэвид Келлини да сынга алып, доктор Келли жогору жактын уруксатын албастан туруп, Би-Би-Синин кабарчысы Эндрю Гиллиган менен жолугуп, аны менен чалгын маалыматын талкуулаган жана бул иш-аракети менен кызматтык эрежени бузган деп билдирди. Хаттондун айтымында, Келли өзүн-өзү өлтүргөн, анын өлүмү үчүн башка кайсы-бир жакты күнөөлөөгө болбойт.

Ошондой эле Хаттон мырза Би-Би-Сини да орчун маселелер боюнча берүүлөрдү уюштурууда редактордук өксүктөрү бар деп өзгөчө сынга алды:

- Бул маселени чагылдырууда Би-Би-Си жол берген редактордук система калпыс болгон деп санайм. Гиллиган мырза өзүнүн баянын таңкы саат 06дан 07 мүнөт өткөндө обого чыгарууга мүмкүнчүлүк алган. Анын тексти редактор тарабынан текшерилген эмес. Редактор мындай текстти обого чыгаруу үчүн алдын-ала жактыруу керекпи деп ойлогон да эмес.

Эгерде соттук териштирүү өкмөт үчүн терс тыянак берчү болсо, анда Тони Блэрдин өкмөтүнүн тагдыры жарга кептелмек. Бул соттук териштирүүнүн жыйынтыгы жарыялангандан көп узабай, парламенттин Өкүлдөр палатасында чыгып сүйлөп, Тони Блэр сотко өз ыраазылыгын билдирди:

- Мен лорд Хаттонго, анын тобуна жана тергөө жүргүзгөн кызматкерлерге алар жүргүзгөн иш үчүн өзгөчө ыраазымын. Алардын баяндамасы - өзгөчө олуттуу, ар тараптуу, кылдат жана даректүү болду. Анда шек саноо жана айың кептер үчүн эч орун жок. Биз баяндаманы толугу менен кабыл алабыз.

Албетте, британ өкмөтү салтанат куруп жаткан чакта, өлкөнүн демократиялык баалуулуктар жаатында дүйнө коомчулугу үчүн кошкон салымдарынын бири – иш-аракетинде өкмөттөн көз каранды эмес болгон, бирок тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланган Би-Би-Си корпорациясы үчүн оор мезгил башталды көрүнөт. Би-Би-Си жетекчилиги өз кызматкери Эндрю Гиллиганды курулай жактап келди деген доолор айтылып келген болчу.

Эми британдык парламент Би-Би-Синин ишмердүүлүгү тууралуу хартияны кайра карап чыгып, Хаттондун жогорудагы баяндамасынын айынан Би-Би-Синин көз каранды эместигине чектөө киргизилбес бекен деген санааркоолор да бар.

Би-Би-Синин төрагасы Гэвин Дэйвис бүгүн кечинде (Gavyn Davies) кызматтан чегинүү тууралуу ниетин жарыялады. Би-Би-Синин башкы деректири Грег Дайк (Greg Dyke) болсо Хаттондун тыянагынын айрымдарын Би-Би-Си кабыл алаарын билдирип, кетирилген калпыстыктар үчүн кечирим сурады, бирок эч бир жерде премьер Блэрди “жалган сүйлөп жатат” деп айтышпаганын баса белгиледи.

Ал эми Би-Би-Синин саясий баяндамачысы Эндрю Марр (Andrew Marr) болсо лорд Хаттондун тобу “расмий бийлик тарабын коргоого алды” деген оюн билдирди.

Тони Блэр, анын өкмөтү жана парламенттеги тарапкерлери үчүн саясий салгылаштардын олуттуулары дагы да алдыда күтүүдө. Либерал-демократ Чарлз Кеннеди, маселен, Ирак согушун баштоого алып келген жагдайлар баары бир көз карандысыз тергөөгө алынышы керек деген пикирин бүгүнкү окуялардан соң билдирди.
XS
SM
MD
LG