Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Кыргызстандын Пакистанга карызы реструктризацияланышы ыктымал


БИШКЕК. Кыргызстандын Пакистанга болгон тышкы карыздарын реструктризациялоо жөнүндөгү өкмөттөр аралык макулдашууга 30-январда Исламабадда кол коюлушу күтүлүүдө. Бул жөнүндө бүгүн республиканын каржы министрлигинен маалымдашты. Макулдашууга Париж клубунун шарттарына ылайык кол коюлат. Кыргызстандын Пакистанга болгон тышкы карызы 8 млн. 400 миң АКШ долларын түзөт. Исламабадда өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн Экономика жана каржы министрлеринин биринчи отурумуна Кыргызстандан каржы министринин биринчи орун басары Эмирлан Төрөмырзаев баштаган делегация катышат. Бул жыйында кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдөгү экономикалык абалга байланыштуу маселелер талкууланып, инвестиция тартуу, банк, салык системаларын өнүктүрүү жана башка маселелер каралат.
1985-жылы түзүлгөн Экономикалык кызматташтык уюмуна Иран, Түркия, Пакистан, Ооганстан, Азербайжан, жана Борбор Азия өлкөлөрү кирет.

XS
SM
MD
LG