Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:12

Ош облусунун губернатору президент А.Акаев тууралуу


БИШКЕК. «Президент Аскар Акаевдин ачыла элек потенциалы арбын. Биз аны пайдаланышыбыз керек. Бирок, азыркы саясатчылардын арасында президенттике талапкерликке татыктуулар да көп», - деп билдирди Ош облусунун губернатору, «Элет» партиясынын төрагасы Накен Касиев бүгүн «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда. “Келээрки президенттик шайлоого талапкерлигиңизди көрсөтөсүзбү?” деген суроого Накен Касиев жооп берүүдөн баш тартты. Губернатор белгилегендей, президенттик шайлоого чейин өлкөдөгү саясий кырдаал, саясатчылардын көз караштары бир кыйла өзгөрүшү мүмкүн.
Соңку мезгилде маалымат каражаттарында “Ош облусунун губернаторун келээрки президенттик шайлоого талапкер болууга татыктуу саясатчылардын бири” деген пикирлер айтылууда.
Ал эми Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын башчыларынын бири Жыпар Жекшеев «президент Аскар Акаев облустарды кыдыруу менен дагы бир мөөнөткө шайланыш үчүн үгүт иштерин баштады», - деген пикирин «Азаттыкка» билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG