Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

М.Эшимканов укук коргоочу менен «Аалам» гезитин кечиргенин жарыялады


БИШКЕК. «Агым» гезитинин башкы редактору Мелис Эшимканов укук коргоочу Турсунбек Акун менен, жана «Аалам» гезитинин редакциясы менен соттошууну токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу М.Эшимканов бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, соңку мезгилде өлкөдө сот аркылуу бир катар басылмалар жабылды. «Менин бул кадамым чиновниктерге жана сотторго өрнөк болсун, сөз эркиндиги сыйлансын. Мен ушундай чечимге келдим», - деди М.Эшимканов.
19-январда укук коргоочу менен «Аалам» гезитинин аппеляциялык арызын караган Бишкек шаардык соту “Мелис Эшимкановго «Аалам» гезити 500 миң сом, ал эми укук коргоочу Турсунбек Акун 50 миң сом айыппул төлөсүн” деген чечимин чыгарган.

XS
SM
MD
LG