Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

Бүгүн «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Ф. Куловдун сот иши боюнча талкуу өттү


БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын учурда камакта жаткан жетекчиси Феликс Куловдун «сот жообуна тартылгандыгы саясий мүнөзгө ээ. Кулов кыска мөөнөттө камактан бошотулуп, президенттик шайлоого катышышы керек». Мындай пикирлер бүгүн Феликс Куловдун сот ишине байланыштуу Бишкектеги «Форум» өнөр жай тобунун имаратында өткөн талкууда айтылды. Ага Куловдун адвокаттары, саясий партиялардын, бейөкмөт жана эларалык уюмдардын өкүлдөрү, Куловдун тарапкерлери болуп баары - 400гө жакын адам катышты. Жыйында «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев «Кыргызстанда бийликтен өз эрки менен баш тарткан адам сөзсүз саясий куугунтукка учурайт» деген пикирин билдирди. Ал эми Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу өлкөдө адам укугун коргоону камсыз кылып, мыйзамдуулукту сакташ үчүн ушундай пикир алышуулар зарыл экендигин айтты.
Ф. Кулов 2001-жылдын январь айынан тарта камакта. Бийлик өкүлдөрү Ф. Кулов жасаган кылмыштары үчүн мыйзамга ылайык соттолгон дешет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG