Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:18

Ирандын президенти өлкөдөгү саясий кризис жөнгө салынаарына ишенет


Мохаммед Хатаминин билдиргенине караганда, өкмөт миңдеген реформачыл талапкерлерди парламенттик шайлоого катышуу укугунан ажыраткан Көзөмөл кеңеши менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бүгүнкү өкмөт жыйынын кийин Хатами кабарчыларга буларды айтты:
- Менин министрлерим жана башка расмий өкүлдөр Көзөмөл кеңешинин чечимине каршылык билдиришкен. Анткен менен биз алдыга жылуу, калктын талабы болгон биздин талаптардын кабыл алынышына жетишүү, биздин элдин укугун коргоо керек деген турумдабыз. Ушул өңүттөн алганда шайлоо өтө маанилүү.
Ал эми Ирандын либералдык маанайдагы эң ири жаштар уюму - Студенттер союзу бүгүн 20-февралдагы шайлоону бойкоттоо чакырыгы менен чыкты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG