Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

Демократиялык партиянын Нью-Гемпширдеги шайлоосунда сенатор Жон Керри жеңип чыкты


Добуш берүү Демократиялык партиядан АКШнын презденттигине талапкерди аныктоо максатында өткөрүлдү. Бул баштапкы шайлоодо же америкалыктарча айтканда, праймеризде сенатор Жон Керри демократ- шайлоочулардын 38%, анын негизги атандашы, Вермонт штатынын мурдагы губернатору Говард Дин 26% добушуна ээ болду. Нью-Гемпширдеги добуш берүүнүн жыйынтыктары Жон Керринин быйыл ноябрда өтүүчү шайлоодо АКШнын азыркы президенти Жорж Бушка атаандаш болуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатууда. Сенатор Керри буга чейин Айова штатында өткөн добуш берүүдө да Демократиялык партиянын президенттикке талапкерлеринин ичинен алдыңкы орунга чыккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG