Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:00

ӨЗБЕК ИСЛАМ КЫЙМЫЛЫНЫН КОРКУНУЧУ КАНЧА?


Нарын АЙЫП, Прага 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга каршы жасалган эбегейсиз террордук чабуулдардан кийин америкалык аскерлер Ооганстандагы Талибан кыймылын бийликтен кулатканда, аны менен кошо "Өзбекстан ислам кыймылы" да негизинен талкаланды деп кабарланган. Бирок акыркы мезгилде бул кыймыл кайрадан жандана баштады деген маалыматтар чыгууда.

Декабрда АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг атайын билдирүү жасап, Борбор Азиядагы исламдык экстремисттер дагы эле америкалык жарандарга чабуул жасоого даяр деп жарыялады. Анын айтымында, акыркы мезгилде "Өзбекстан ислам кыймылынын" аракеттери бир кыйла күчөдү. АКШ жетекчилиги мезгил-мезгили менен өз жарандарына эскертүү жасап, дүйнөнүн тиги же бул бурчуна баруудан карманууну сунуштайт. Мындан төрт-беш жыл мурда ал кыймылдын жоокерлери Тажикстан аркылуу өтүп, Кыргызстан менен Өзбекстанга чабуул жасаганда, АКШ өкмөтү өз жарандарына Кыргызстанга келүүдөн да тартынып турууну сунуштаган. Андай эскертүү ар бир алты ай сайын жаңыртылып турат жана Кыргызстан тууралуу жарыя акыркы жолу 31-октябрда жасалды.

"Өзбекстан ислам кыймылы" Фергана өрөөнүндө 1990-жылдардын башында пайда болгон жана ал Өзбекстанды исламдык өлкөгө айлантууга аракеттенген. Уюмдун жетекчиси Тохир Юлдаш Намангандын мечитинде элди намазга жыкканда, президент Ислам Каримов да чөгөлөгөн. Кийин Каримов уюмдун мүчөлөрүн катуу куугунтуктай баштаган жана алар Памир тоолоруна качууга аргасыз болгон.

Өзбек жетекчилигинин айтымында, 1999-жылдын февралында Ташкенде ишке ашырылган беш жардырууну дал ушу кыймыл уюштурган. 1999- жана 2000-жылы кыймылдын бир нече жүз жоокери Баткен аркылуу Өзбекстанга өтүүгө аракеттенип, кыргыз аскерлери менен согушкан. 1999-жылы алар төрт жапаниялык геологду, ал эми 2000-жылы төрт америкалык туристти барымтага алган. Бирок 2001-жылдын аягында америкалык аскерлер Ооганстанга кирип, Талибанды бийликтен кулатканда, талибдерден жардам алып турган "Өзбекстан ислам кыймылы" кыйрады деп айтыла баштаган. Кыймылдын аскерий канатынын жетекчиси Жума Намангани өлдү деп да кабарланган.

Анткен менен 2002-жылдын декабрында Бишкектин Дордой базарында, андан кийин май айында Ошто уюштурулган жардыруулар, кыргыз коопсуздук кызматынын айтымында, исламдык экстремисттер тарабынан даярдалган. Бирок кээ бир эл аралык эксперттер "Өзбекстан ислам кыймылы" өз аракеттерин кайрадан жандантуу кудуретине жеткенинен күмөн санайт.

Эл аралык кризис тобунун өкүлү Дэйвид Льюистин айтымында, исламдык экстремизм коркунучу Борбор Азияда өтө эле апыртылган: "Өзбекстан ислам кыймылынын кээ бир мүчөлөрү кайрадан Борбор Азияга кайтып келип, өз иштерин улантууга аракеттенгени тууралуу кабарлар бар. Бирок алардын саны абдан аз жана алар уюшулган эмес. Менин оюмча, алардын аракеттери тууралуу маалыматтар өтө эле апыртылган. Борбор Азиялык кээ бир жетекчилер үчүн андай коркунучтун бар болгону өтө пайдалуу жана дал ошол себептен өзбек бийлиги өз репрессияларын күчөтүүдө жана коопсуздук кызматтарынын мааниси да өтө жогору".

Ал эми "Талибан" жана "Жихад" деген китептерди жазган пакистандык эксперт Ахмед Рашиддин айтымында, бул уюмдун аракеттери кайра жанданышы толук ыктымал: "Өзбекстан ислам кыймылы Борбор Азияда акыркы жылдарда дайым болгон. Талибанга каршы согуштун аягында анын Ооганстанда жайгашкан аскерий канаты жок кылынган, бирок уюмдун кээ бир жоокерлери Пакистандын чек арасына качып, азыр ошол жерде. Анткен менен эң негизги коркунуч - ал кыймыл Борбор Азияда түзгөн тымызын уюмдардан чыгууда жана ал тымызын түзүлүштөрдү эч ким кыйраткан жок. Мүмкүн, аларда азыр акча же курал жетишсиздир, балким алар азырынча жакшы уюшулган эмес жана күчтүү жетекчилер жок, бирок менин оюмча, алар кайра жандана алат".

Ахмед Рашиддин пикиринде, андай экстремисттердин аракеттерин жокко чыгаруу үчүн, Борбор Азиялык мамлекеттер мүмкүн болушунча ачык коом түзүүгө тийиш.
XS
SM
MD
LG