Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

КАБУЛДА КАЙРАДАН БОМБА ЖАРЫЛЫП, КАН ТӨГҮЛДҮ


Ооганстанда шейшембиде бир канадалык аскер курман болгон жардыруу үчүн жоопкерчиликти өлкөнүн кулатылган талибан кыймылы өзүнө алып, мындай чабуулдар бүт өлкөнү кызыл уук кылат деп эскертти. Айткандай эле, эртеси Кабулда дагы бомба жарылып, бир британ аскери каза тапты. Кеминде төрт британ аскери жараат алганы кабарланып жатат. Анын аралыгында, америкалык сенаторлор Ооганстанды турукташтырып, калыбына келтирүүгө берген убадасынын өтөөсүнө чыкпайт деп НАТО өлкөлөрүнө доомат койушту.

Бүгүн Ооганстандын баш калаасында кар борошолоп турду. Эртең мененки саат 11лерде НАТО баштаган тынчтык күчтөрү шаардын чыгыш тарабында алдыңкы күнү жан кечтинин кол салуусунан мерт болгон канадалык кесиптешинин тажиясына чогулушту. Дал ушул маалда жакын жерде токтоп турган таксиде отурган киши өзүн өзү жардырып жиберди. Натыйжада бир британ аскери набыт болуп, төртөө жараат алды.

Шейшембидеги чабуулду талибдер "биз уюштурдук" деп жарыялашты. Талибдер "бул - бүт өлкө боюнча жан кечти чабуулдардын башталышы гана" деп эскертишти. Бул күндөгү чабуулда Канада армиясынын дагы үч аскери, сегиз карапайым киши, анын ичинде Франциянын бир атуулу жараат алды. Ушул эле күндөрү Ооганстандын ар жериндеги согуш аракеттеринде кеминде алты америкалык аскердин жарадар болгону кабарланууда. НАТО күчтөрү Кабулда жайгашкан, саны 6 миңге чукулдап барат. Алар баш калаада коопсуздукту камсыздоо менен чектелишет. Өлкөдө ошондой эле 11 миң чакты америкалык аскер бар. Алар ар түрдүү согуштук операцияларга тартылган. Мисалы, өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Пактика провинциясында ушул аптанын башында жараат алган америкалыктар куралчан топтор менен салгылашып жаткан аскерлер эле.

Анын аралыгында, АКШ Сенатынын тышкы байланыштар комитетинде Ооганстандагы кырдаал талкууланып, сенаторлор НАТО өлкөлөрүн Ооганстанда бүтүрөбүз деген иштеринин аягына чыкпай жатышканын сынга алышты. Комитеттин төрагасы Ричард Лугар "НАТО өлкөлөрү Ооганстанда коопсуздукту камсыз кылабыз деген убадасын жетиштүү ресурстар, аскер, уюштуруу жана саясий иш-чаралар менен бекемдеши керек" деди.

Ушул эле жыйында бирок АКШ армиясынын Европадагы күчтөрүнүн командачысы биримдиктин мүчөлөрү Ооганстанды турукташтыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө аскер бөлүп, каражат сарпташаары күмөн экенин кыйытты. "Чынын айтканда, биз саясый убадаларды колдой турган куралдуу күч топтоодо айрым кыйынчылыктарга туш болуп жатабыз" деди генерал Жеймс Жонс дипломаттардын жымсал тилине салып.

Жонстун айтымында, НАТО мүчөлөрүнүн аскер кошуу же жабдык жиберүү аракеттери айрым учурларда административдик майда-барат иштердин сазынан чыга албай калууда. Индиана штатынан шайланган республикачы-сенатор Лугар өз кезегинде Ооганстандагы 5 жарым миң нато күчтөрү, америкалык 11 миң чакты аскер аздык кылат деп эсептейт. Ал ошондой эле Вашингтон администрациясынын Иракка баш-оту менен кирип кеткени Ооганстандагы иштерге жолтоо болуп жатканын белгиледи. Ал эми генерал Жонс кошумча аскер жиберүүгө жок дебегени менен, Ооганстандын өздүк армиясын бекемдеп, өлкөнүн коопсуздугун камсыздоону бара-бара ооган армиясына өткөрүп берүү максатка ылайык деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG