Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

Би-Би-Синин жооптуу жетекчиси кызматынан чегинди


Британиянын коргоо министрлигинин эксперти Дэвид Келлинин өз өмүрүн өзү кыйганына байланыштуу сот ишинен улам, Би-Би-Синин Колдоочулар Кеңешинин төрагасы Гэвин Дэвис отставкага кетти. Британ өкмөтүнүн Ирактагы согуштун алдында Саддамдын аскерий арсеналы тууралуу докладына апыртма маалыматтар кошулган деген Би-Би-Синин былтыркы май айындагы кабарынан келип чыккан жаңжал үчүн корпорация жетекчилиги коомчулуктан кечирим сурады. Анын алдында лондондук сот лорд Хаттон Би-Би-Си шектүү маалыматты берген деп атын атагандан көп өтпөй өлүгү табылган доктор Келлинин тегерегиндеги жагдайлар боюнча баяндамасын жарыялап, британ өкмөтү ал окуяга күнөөлүү эмес, ал эми Би-Би-Синин маалыматы негизсиз болгон деп маалымдаган. Премьер-министр Тони Блэр бул тыянакты кубаттады.
"Өкмөттүн докладына чалгындоо кызматтарынын айтканынан ашык, ага каршы бир да маалымат кошулган эмес. Лорд Хаттондун жыйынтыктары колдоого арзыйт. Анда маркум доктор Келли да чынында докладга каршы пикир айтпаганы көрсөтүлгөн", - деди Блэр.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG