Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:01

ДЭВИД КЭЙ: БАГДАД БААРЫН ЖАҢЫЛТТЫ


Иракта массалык кыргын куралдары бар экенине ишенип, биз баарыбыз жаңылдык, деп билдирди шаршемби күнү Кошмо Штаттардын сенатында америкалык инспекторлордун мурдагы башчысы Дэвид Кэй. Иракта катылган куралдарды издөө иштерин улантканга Кэй каршы болгон жок, бирок алардын табылышы арсар экенин да эскертти. Аскери тармактагы таанымал эксперт бу маселеде туура маалымат топтой албаган чалгындоо мекемелеринин ишине катуу камтамачылык билдирди.

Дэвид Кэй Иракта кыргын куралдарын издеген инспекцияны жетектеген эле. Өткөн аптада иликтөө иштери олуттуу натыйжаларды бербегендигин айтып, кызматынан баш тарткан болчу. Сенаттын комитетинде шаршемби күнү отчет берип, Иракта кыргын куралдары жоктугуна инспекторлор былтыр октябрда айкын ынана башташканын белгиледи. Кэйдин сөздөрүнө ылайык, химиялык жана биологиялык куралдарды издөөгө инспекторлор ургаалдуу күч жумшады, бирок мындай куралдардын чоң запастары аскерий операция башталар алдында Иракта шайма-шай абалда турганы өтө күмөндүү. Муну ырастаган далилдер ушу күнгө чейин табылган жок. Апааттуу арсеналдар жөнүндөгү күдүң-күпүр кептерди, Кэйдин болжолунда, Саддам Хусейн бир жагынан күрттөр менен шийиттердин үшүн алуу, экинчиден арап дүйнөсүнө АКШ менен Британия алдында өзүнүн алсыздыгын көрсөткүсү келбеген сырдымагы үчүн пайдаланса керек.

Кэй өзү да Иракта куралдардын ушундай түрлөрү бар экенине мурда айныбай ишенгенин, атүгүл мындан күмөнсүнгөн кишилерди, алардын ичинде азыркы Ак үйдүн активдүү сынчыларынын бири,сенатор Эдвард Кеннедини буга ынандырганга аракет кылгандыгын моюнга алды. Бирок бул иште жалгыз эле америкалыктар жаңылышпады, кала берсе Ирактагы согушка активдүү каршы болушкан Франция менен Германия да Саддамдын колунда коркунучтуу куралдар бар экенине ишенишкен.Былтыр апрелде муну, мисалы, президент Жак Ширак өзү билдирген.Кэй дал ушуга – жалгыз-жарым бирөөлөр эмес, жалпы баары жаңылышканына баарынан көбүрөөк камтама болуп жатканын баса белгилеп көрсөттү. Чалгындоо мекемелери Ирактын аскери арсеналдарын апырта баалап, ал эми Иранда он сегиз жылдан бери бу жагынан реалдуу аракеттер жасалып келгенин байкабай калышкан. Ошол эле учурда Кэй чалгындоо органдарына азыркы администрация тарабынан кандайдыр бир кысым жасалбагандыгын белгилеп, тыңчылардын жетерлик маалымат жыйнай албаган калпыстыгын мурдагы Ирактын жабык мүнөзү менен байланыштырды. Мындан тышкары Кэй Саддамдын режими аскери чөйрөдө коопсуздук кеңешинин баштапкы резолюциясына кайчы келген иштерди жасаганын, аларды ООНдун инспекторлорунан жашырып-жаап келгенин, мунун көп сандаган таныктары табылганын ырастады.

Кэйдин акыркы тыянактарын сенаттагы республикачылар өздөрүнүн активине чегеришти. Комитеттин төрагасы Жон Уорнер Ирактын кыргын куралдары тууралуу бир жаңсыл бүтүм жасаганга али өтө эле эртелик кыларын эстетти. Президент Буш болсо чалгындоо мекемелерине баштагыдай эле ишене тургандыгын бышыктады. Ал эми демократтар жааты Кэйдин тыянактары азыркы администрация Иракка каршы согуш ачарда чалгындоо маалыматтарын жасап-жалгамалап салганын тастыктады деп эсептешет. Демократтардан президентикке башкы талапкер болгонго дама кылып жаткан сенатор Жон Кэрри Ирактагы согуштун күмөн-күдүккө салган бардык жагдайларын жалпы элге ачык айтууну талап кылып, чалгындоо органдарынын жоопкерчилигин да териштирүүнү сунуш кылды.
XS
SM
MD
LG