Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:05

ЕВРОПА КЕҢЕШИНИН ПАРЛАМЕНТТИК ЖЫЙЫНЫ АЗЕРБАЙЖАНДЫ АДАМ УКУКТАРЫ ЖААТЫНДА КЕСКИН СЫНДАДЫ


Европа Кеңешинин Парламенттик жыйыны (ассамблеясы) 27-январда Азербайжандагы саясий камактагылар маселесин талкуулап, расмий Бакуну сынга алды. Илхам Алиевдин өкмөтү болсо Батыштын сынын четке кагууда.

Азербайжан Европа Кеңешине мүчөлүккө 2001-жылдын башында кабыл алынган. Өлкөнү мүчөлүккө кабыл алуу учурунда Бакуга карата олуттуу сын пикирлер да айтылып, Азербайжан адам укуктарын сактоо, демократиялык реформаларды жүргүзүү жаатында бир кыйла иш-чараларды жүзөгө ашырышы керектиги баса белгиленген. Шейшембиде өткөн Еврокеңештин Парламенттик ассамблеясынын отуруму расмий Бакуну үч жыл мурда алган милдеттенмелерин жүзөгө ашырбай жатат деп айыптады.

Европа Кеңешинин парламенттик жыйынынын отурумуна катышкандардын бири, швейцариялык өкүл Андреас Гросс отурумдан соң акыбалды “Азаттыкка” мындайча түшүндүрдү:

- Азербайжандын илгери адымдоо үчүн ниеттенип жатканына көзүбүз жетиши керек. Эгерде анын мындай саясий ниетин май же июнь айына чейин көрө албасак, анда Азербайжандын парламенттик делегациясынын ыйгарым укугун алып салууга кудуретибиз жетет. Бул – Парламенттик жыйындын жазалоо ыйгарымына жатат.

Европалык коомчулукту өзгөчө беймаза кылган маселе – Азербайжандагы саясий камактагылардын тагдыры. Албетте, расмий Баку абактагылардын баары “кылмышкерлер”, алардын ичинде саясий маселе боюнча эркинен ажыратылгандар жок деп Батышты ишендирүүгө далаалаттанып келет.

Бирок Европа Кеңешинин ишениминде, камактагылардын бир канчасы Бакудагы азыркы режимге каршы оппозициячыл ишмердүүлүгү үчүн эркинен ажыратылган. Алардын арасында мурдагы коргоо министри Рахим Газиев, мурдагы жикчилик кыймылынын лидери Аликрам Хумматов мурдагы премьер-министр Сурет Гусейнов жана башкалар бар. Укук коргоочулардын эсебине караганда, былтыркы күзүндөгү шайлоо өнөктүгү маалында эле бери дегенде 700дөй киши кармалып, алардын жүзгө жакыны азыркыга чейин эркиндикке чыгарыла элек.

Илхам Алиевдин бийлиги болсо Европа Кеңешинин парламентарийлеринин сын пикирин азырынча көзгө илген жок. Бийликтеги “Йени Азербайжан” партиясынын жетекчисинин орун басары Мубариз Гурбанлы шейшембиде төмөнкүдөй каяшасын айтты:

- Кандай болсо да, Азербайжан өкмөтү улуттук кызыкчылыктарыбызга залал келтирбей турган шарттарды гана аткарат. Эгерде кандайдыр-бир шарт бизге күчтөп, зордоп тагылчу болсо, мындай талаптарды Азербайжан кабыл албайт.

Европа Кеңешинин парламентарийлеринин көпчүлүгү Бакуга катаал эскертүү жасоо керек деп санашат. Кипрдик гректердин өкүлү Кристос Поргоридес ал түгүл өз партиясынын атынан мындай деп айтты:

- Саясий камактагылар жаатында айтканда, менин партиям – “Европа Эли” партиясы (EPP) алда канча таасын жана калбаат чакырык жасайт: абагында саясий камактагы кишилери бар эч бир өлкө Европа Кеңешинин Парламенттик жыйынына мүчө болбоого тийиш.

Айтмакчы, өткөн аптада “Хюман райтс уотч” укук коргоо уюму 61 беттик баяндамасын жарыялап, Азербайжанды адам укуктары одоно бузулуп жаткан өлкө катары кескин сындаган. Расмий Вашингтон да жакында Бакуну адам укуктары маселесиндеги кемчиликтерин жоюуга чакырган.

XS
SM
MD
LG