Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:41

Башкы прокуратура ишкерлердин укугун коргоп жатканын билдирди


БИШКЕК. Өткөн жылдын сентябрь айынан бери мамлекеттик бийлик органдары ишкерлердин укугун чектеген 77 актыны чыгарган жана алар Башкы прокуратур тарабынан жокко чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын мыйзам актыларын көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Канат Аманкулов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, эки жыл аралыгында жергиликтүү айыл өкмөттөрүнөн баштап, облустук мамлекеттик администрациялар, бир катар министрликтер ишкерлердин укугун чектеген жана алардын ишмердүүлүгүнө терс таасир тийгизген 162ден ашуун чечимдерди чыгарышкан. “Мындай мыйзамсыз иш чаралар өлкөдө кичи жана орто бизнести, туризмди өнүктүрүүгө тоскоол болуп, чет элдик инвесторлорду тартууга жолтоо болууда”, - деп билдирди Канат Аманкулов.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG