Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Ошто президент А. Акаевди колдоо кыймылынын штабы түзүлдү


ОШ. Ош облусунда Аскар Акаевди колдоо боюнча кыймыл түзүлүүдө. Кыймылдын штабына бүгүнкү күндө 42 адам кирди. Алардын ичинде журналист Төрөбай Жороев, жазуучу Рыспай Дудуев, ансамбль жетекчиси Ашым Ахмедов, саясий партиялар менен коомдук уюмдардын, бейөкмөт, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү, ишкерлер бар. Бул тууралуу бүгүн кыймылдын Ош шаарында жайгашкан штабынан маалымдашты. Кыймылдын негизги максаты: келерки президенттик шайлоодо кайрадан Аскар Акаевди шайлоонун зарылдыгы жөнүндө эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Кыймылдын штабынан маалымдашкандай, анын курамына саясий партиялар, коомдук уюмдар жана Аскар Акаевге колдоо көрсөткөн атуулдар кире алышат. Кыймылдын түзүлүшүн азырынча Кыргызстан аялдарынын конгресси, «Жаңы күч» партиясы жана башка коомдук уюмдар колдошууда.

XS
SM
MD
LG