Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

КДК партиясынын Ош облусундагы бөлүмүнүн жетекчиси кызматтан алынды


БИШКЕК. Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясынын төрага орунбасары Аманбай Сатыбаев партиянын саясий кеңешинин чечими менен ээлеген кызматынан бошотулуп, партиянын мүчөлүгүнөн чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн КДК партиясынын теңтөрагасы Жыпар Жекшеев «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, А.Сатыбаев партиянын уставын одоно түрдө бузгандыгы үчүн партиядан четтетилди. Мындан бир ай мурда КДК партиясынын Ош облусундагы бөлүмү президент Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн узартуу боюнча кол чогулта баштаган жана парламенттин эки палатасына тең президенттин башкаруу мөөнөтүн узартуу боюнча референдум өткөрүүнү сунуштаган кайрылуу жолдогон. Мындай демилгелер менен чыккандардын бири Аманбай Сатыбаев болгон. Ал эми Аманбай Сатыбаевдин өзү болсо партиянын мындай чечиминен кабарсыз калганын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG