Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

Америкалык мурдакы эксперт Дэвид Кэйдин чындыгы


Ирактагы америкалык аскерий инспекторлордун мурдакы жетекчиси Дэвид Кэй чалгындоо кызматтарынын “Саддам башындагы режимде массалык кыргын салуучу куралдары болгон” деген маалыматын “бүтүндөй калп” деп эсептейт.
Кэй шаршемби күнү АКШ Сенатынын аскерлерди тейлөө комитетинде сүйлөп, Ирак согушуна каршы чыгышкан Франция менен Германия да жаңылыш түрдө “Иракта химиялык жана биологиялык куралдар бар” деп ишенишкенин айтты.
Кэйдин айтымында:
- Бул маселеде ката кетирилип жүргөнүнө көп болду. Ал үчүн толук негиз бар. Ал үчүн бир эмес, бир нече жүйө бар. Албетте, курал таркатууну көзөмөлдөө, кирүүгө кыйын жана эркин жүрүүгө мүмкүн болбогон жабык өлкөлөрдө, айрыкча татаал иш.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG