Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:44

ЭЛАРАЛЫК ВАЛЮТА КОРУ “КЫРГЫЗСТАН ПРОГРАММАНЫ ЖАКШЫ АТКАРУУДА” ДЕП ЭСЕПТЕЙТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Эларалык валюта корунун аткаруу комитети 16-январда “«Жакырчылыкты кыскартуу жана экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү» аттуу 3 жылдык программанын 2 жылдыгын Кыргызстан ийгиликтүү аткарды” деп билдиргенин айтканбыз. Бейшембиде Кыргызстандын Каржы министри Болот Абилдаев жана Эларалык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Башор Мухападия пресс-конференция өткөрүп, Кыргызстан бир көрсөткүч боюнча милдеттемесин аткара албай калгандыгына карабай, аткаруу комитети чечим кабыл алганын билдиришти.

Болот Абилдаевдин айтымында, программанын 2-жылына 13 көзөмөлдүк көрсөткүч коюлган. Эларалык валюта кору негизги көрсөткүч деп эсептеген бюджет тартыштыгын Кыргызстан азайта алган жок. Программага ылайык бюджет тартыштыгын 4,9% төмөндөтүш керек болсо, Кыргызстан аны 5,2% ылдый түшө албады. Министр буга биртоп объективдүү себептер тоскоол болгондугун белгилейт.

Өткөн жылы өлкөдө табигий кырсыктар көп болуп, анын кесепеттерин жоюу үчүн бюджетте мурда каралбаган акчалар бөлүнгөн. Андан тышкары, чет өлкөлөрдөн келет деп планга кирип калган айрым акчалар да бюджетке түшпөй калган.

- Бул аргументтер Эларалык валюта кору тарабынан кабыл алынды. Алар абалды түшүнүп, “программаны аткарылды” деп эсептешти,- деди Болот Абилдаев.

Анын айтымында, Кыргызстан Эларалык валюта кору менен 1993-жылдан бери иштешип келе жатат. Министр өз сөзүндө Кыргызстандын экономикасын турукташтырып өнүктүрүүдөгү Эларалык валюта корунун салымын жогору баалады. Ал тышкы соода балансынын тартыштыгын азайтыш үчүн акча берүү менен гана чектелбестен, ар тараптуу экономикалык реформаларды жүргүзүүгө көмөктөшүп келет.

Болот Абилдаев башка донорлор да жардам берээрин белгиледи. Тышкы карыздар боюнча Париж клубу менен сүйлөшүү жүргүзүүгө да Эларалык валюта кору ортомчу болгон. Программа быйыл сентябрда аягына чыгып, анын жыйынтыгына жараша Париж клубу тышкы карызды кечүү тууралуу чечим кабыл алат. Анткен менен Кыргызстандын каржы министри менен Эларалык валюта корунун өкүлү канча карыз кечирилээрин так айта алышкан жок.

Эларалык валюта корунун өкүлү карызды программа бүткөндө тышкы соода балансынын тартыштыгын эсептеп, кредиторлор өздөрү чечишээрин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстандын экономикалык абалын эске алып, алар карыздардын үчтөн экисин кечүүгө мүмкүнчүлүк берген Неаполь шартын колдонушу мүмкүн:

- Эгерде өлкө акыркы 1 жыл ичинде программаны жакшы аткарса, мен биз үчүн Неаполь шарттарын сурап берүүгө мүмкүнчүлүк болот деп ойлойм. Бирок, эч ким Париж клубу кайсы шарт колдоноорун алдын ала айталбайт, – деди Башор Мухападия.

Көп жылдардан бери дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнө каржы жагынан жардам көрсөтүп келе жаткан бул абройлуу уюм азыр катуу сынга туш болууда. Белгилүү экономист, Нобель сыйлыгын лауреаты, бир кезде Дуйнөлүк банктын вице-президенти болуп иштеген Жозеф Стиглиц ага бир топ доомат коюп келет. Ал Эларалык валюта кору жардам берген өлкөлөрдө, мисалы Орусияда экономика 2 эсе төмөндөгөнүн, тескерисинче, аны укпай өз алдынча реформа жүргүзгөн Кытай ошол эле мезгилде ички дүң продуктусун 2 эсе көбөйтүүгө жетишкенин айтат. Эларалык валюта корун сынга алгандар биздин Кыргызстанда деле көп.

- Биздин өлкө азыр бир топ нерсени үйрөнүп калды. Бир топ адистер өсүп чыкты. Бюджетти өзүбүз түзүп, приоритеттүү тармактарды өзүбүз аныктагандай мүмкүнчүлүк бар. Тилекке каршы, ушул Эларалык валюта кору илгеркидей эле –мындан 10 жыл мурдагыдай эле - бизге акыл үйрөтүп келе жатат. Өздөрү момундай кылыш керек деп жазып коюшуп, анын аткарылышын талап кылганды жакшы көрүшөт, – дейт депутат Акылбек Жапаров.

Кыргызстанда Эларалык валюта корунун стратегиялык объектилерди менчиктештирүү, айыл чарбасына кошумча нарк салыгын киргизүү, кыймылсыз мүлккө салык салуу тууралуу демилгелери көп каршылыкка туш болууда.
XS
SM
MD
LG