Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Москва чечен козголоңчуларынын өкүлү Закаевди камакка албаганы үчүн Германияга нааразы


Орусиянын Тышкы иштер министрлиги чечен сепаратисттеринин өкүлү делген Ахмед Закаев Германияда депутаттар менен жолугушкан учурда камакка алынбаганына нааразылык билдирди. Ырасмий Москва эгер А. Закаев Германияга келип калса, аны абакка алуу боюнча өтүнүчүн буга чейин бул өлкөнүн өкмөтүнө билдирген болчу. Закаев Германияга Бундестагдагы немис-кавказ коомунун чакыруусу боюнча барган. Орусия Закаевге террорчулукка жана киши өлтүрүүгө байланыштуу кинелерди таккан. Ал эми Британия болсо А. Закаевге саясий качкын макамын берген. Кремлдин Чеченстан боюнча кеңешчиси Сергей Ястржембский “А. Закаевдин Германияда камакка алынбаганы – эл аралык полиция уюму – Интерполдун кадырына шек келтирет” деп билдирди.

XS
SM
MD
LG