Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07

Европа кеңеши Украин бийлигинин демилгесин сынга алды


Еврокеңештин Парламенттик ассамблеясы Украинанын өкмөтү сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөрдү катуу сындаган документ кабыл алды. "Украинадагы саясий кризис" деп аталган ал документте украин өкмөтүнүн демилгеси - ушул күздө өтө турган президенттик шайлоодон кийин да бийликти колдон чыгарбоо аракети катары бааланган. Украинанын Тышкы иштер министри Константин Хрышенко Еврокеңештин бул документин четке кагып, аны өлкөнүн конституциялык жараянына кийлигишүү деп атады. Расмий Киев баш мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөрдү – Украинаны парламенттик республикага айландыруу, президенттин бийлик укуктарынын көбүн премьер-министрге өткөрүп берүү ниети катары түшүндүрүүдө. Оппозициячылар украин президенти Л.Кучма эл арасында колдоо таппаарын сезип, эми өз тарапкерлери үстөмдүк кылган парламентке үмүт артып жатат деген пикирде.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG