Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:41

ТАЖИКСТАНДАГЫ СОҢКУ КАДРДЫК ӨЗГӨРҮҮЛӨРДҮН СОҢУ ЭМНЕГЕ АЛЫП КЕЛЕТ?


Кубат Оторбаев, Прага Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмоновдун 26-январдагы буйругу менен Президенттик гвардиянын башчысы Гафар Мирзаев (Ghaffor Mirzoyev) кызматтан алынды. Андан мурда да Эмомали Рахмонов оппозициянын бийликтеги бир катар өкүлдөрүн кызматтан кетирген болчу. Айрым талдоочулардын пикиринде, мындай кадрдык өзгөрүүлөр Тажикстандагы кырдаалды кайрадан курчутушу ыктымал.

Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмонов Президенттик гвардияны Улуттук гвардия кылып кайра түзүү тууралуу жардыкка кол койду. Ошол эле учурда Президенттик гвардиянын жетекчиси, генерал-лейтенант Гафар Мирзаев да кызматтан алынды. Андан мурдараак Э. Рахмонов оппозициянын бийликтеги бир катар өкүлдөрүн да кызматтан кетирген болчу.

Өзгөчө, акыркы жолу Гафар Мирзаевдин кызматтан кетиши коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратты. Дал ушул Гафар Мирзаев 1993-1997-жылдарда Тажикстанда атуулдук согуш оту өчпөй, бийлик менен оппозиция кыл чайнашып катуу кармашып жаткан күндөрдө президент Эмомали Рахмонов үчүн көкүрөгүн окко тосууга даяр турган адамдардан эле. Башкача айтканда, Г. Мирзаев “Элдик фронттогу” пикирлештери менен бирге, кандай да болбосун Э. Рахмоновдун бийликте калышын камсыз кылууга башын сайган бирден бир ишенимдүү кызматчылардан эле. Гафар Мирзаевди президенттин жердеши – түбү Кулябдан – Ражабали Рахманалиев алмаштырды. Мындай кадрдык дайындоого Гафар Мирзаевдин өзү мындай пикирин билдирди:
- Мен бул алмашууну адилетсиз, 100 пайызга адилетсиз болду деп эсептейм. Биз бул үчүн согушкан эмеспиз! Биз азыр бул жерде ээ болгон жыйынтыктар үчүн күрөшкөн эмеспиз!

Ошентсе да, Гафар Мирзаев “бул - президент Эмомали Рахмоновдун эмес, анын айланасындагы айрым адамдардын жасаган иши, ошондуктан менин мамлекет башчысына кусаматым жок” деп билдирди.

Гафар Мирзаевдин отставкасын президенттин күзөт кызматындагы аскерлер оор кабыл алышты. Алардын эки жүздөйү “жетекчибиз антип кызматтан алынып жатса биз да мындан ары иштебейбиз” деген нааразылык менен чыгышты. Бирок, Гафар Мирзаев өкмөткө каршы күч колдонууну эч качан колдобой тургандыгын айтты. Ошол эле убакта ал “эгер президенттин айланасындагылар мага каршы кысымды күчөтө берсе Тажикстандан чыгып кетем” деп да билдирди.

Президент Эмомали Рахмонов болсо азырынча соңку кадрлык өзгөрүүлөр тууралуу эч кандай түшүндүрмө бере элек. Бирок, мурда ал “өлкө жаңы муундагы кадрларга муктаж” деп айтып келген болчу. Талдоочулар болсо “президент дал ушундай жол менен атуулдук согушта анын шайын оодарып, далай чачын агарткан саясатчылардан кутулайын деп жатса керек” деп боолголоп жатышат.

Президент Э. Рахмоновдун жакындагы жардыгы менен кызматтан алынган Тажикстандын демократиялык партиясынын лидери Махмадрузи Искандаров ушул тапта Тажикстандын батыш аймактарында өз санаалаштарын топтоп, кийинки жылда өтө турган парламенттик шайлоого даярдык көрүп жатат деген маалымат бар. Гафар Мирзаевдин отставкасынан кийин М. Искандаров эларалык коомчулукка жана тажикстандагы тынчтыктын кепили болгон мамлекеттерге жана тажик элине кайрылды:

- Мен кепил мамлекеттерге, Бириккен улуттар уюмуна жана оппозициядагы партиялардын активдүүрөк болууга чакырат элем. Тажик эли да кыраакы болушу керек жана мамлекеттин тагдырын бир колоттон чыккан адамдардын тобуна ишенип берип койбошу керек. Тажикстандын мен ишенген кадырлуу, турмушту оңдой турган адамдары өлкөнүн саясий турмушунан четте калышууда.

Тажикстандын ислам кыймылынын лидери Абдулло Нури болсо мындай саясий дымактардан коомдогу тынчтык өйдө деген пикирди айтты:

- Тажикстандын ар бир адамы жана ар кандай топтору жолугуп, каалаган маселени талкуулай алышат, бирок, ал мыйзам чегинде гана болушу керек. Бириккен оппозициянын мурдагы лидери катары ар бир адамга айтаарым, мыйзамдын чегинен чыгууга жана өлкөдө зордук-зомбулуктун тутанышына жол бербеш керек!

Ошол эле маалда Гафар Мирзаев оппозициянын мурдагы колбашчылары Махмадрузи Искандаров жана Саламшо Мухаббатов менен биригип, бийликке каршы бирдиктүү саясий топ түзүшү ыктымал деген жоромолдор айтылууда.

Акыркы маалыматтар боюнча, президент Эмомали Рахмонов шаршембиде Гафар Мирзаевди кабыл алып, өлкөнүн спорт комитетин жетектеп берүүнү сунуштады. Гафар Мирзаев ал кызматтан баш тартты.
XS
SM
MD
LG