Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:19

ООГАНСТАНДАГЫ ТЕРРОРДУК ЧАБУУЛ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Кечээ, бейшемби күнү, Ооганстандын Газни шаарынын чет жакасында болгон жардыруудан америкалык жети жоокер курман болуп, үчөө жаракат алышты. АКШнын борбордук аскердик командачылыгы бир жоокер дайынсыз жок болуп жатканын билдирүүдө. Маалыматтарга караганда, жардыруудан ооган тилмеч да жарадар болду.

Жардыруу жоон топ америкалык солдат курал кампасынын айланасында иштеп жатканда болгон. Америкалык командачылыктын маалыматына караганда, жарадар болгон 3 жоокер Баграмдагы аскердик госпиталга жеткирилди, ал эми курман болгон жети жоокердин сөөгү келээрки жумада учак менен Америкага жеткирилет. Маркумдардын үй бүлөлөрүн бейпайга салбай койо туруу үчүн алардын ысымдары жарыяланган жок. Ушул тапта америкалык аскерлер жардыруунун капшабы менен дайынсыз жок болуп кеткен солдатты издеп жатышат.

Америкалык тарап жардырууга талибан күчтөрүнүн катышы бар же жок экенин азырынча айта албай жатат, ал эми Газнинин акими Хажи Асадулла Хан жума күнкү билдирүүсүндө бомбанын жарылуусуна талиптик күчтөрдүн катышы жок экенин, солдаттардын өлүмүнө кадыресе кырсык себеп болгондугун маалымдады. Өзүн Талибандын Абдел Латиф Хакими деген өкүлү деп тааныштырган адам да бул кандуу окуяга талиптердин тийешеси жок экенин билдирди.

Бейшемби күнкү жардыруу - ушул аптанын ичинде чет элдик аскерлердин өмүрүн алып кеткен бир эле окуя. Шейшемби күнү Кабулда жан кечти террорчулар ишке ашырган эки башка жардырууда бир канадалык жана бир британиялык жоокер курман болгон. Жардыруудан, ошондой эле, бир жөнөкөй ооган да өлгөн.

Эл аралык антитеррордук коалициянын Ооганстанда кызмат өтөп жатышкан аскерлерине буга чейин бирин-экин террордук кол салуулар жасалган эле. Өткөн жайда андай чабуулдан Ооганстанда гуманитардык миссия менен жүрүшкөн германиялык төрт жоокер курман болгон.

Иликтөө бул жумада болгон террордук кол салуулардын артында кимдер турганын, азырынча, аныктай алган жок. Ушундан улам чабуулдардын артында “ал-Кайыда” террордук уюму турбасын деген жоромолдор күч алууда.

Эл аралык Кризистик Топтун Кабулда жүргөн адиси Викрам Парех:

- Чабулдардын жан кечти террорчулар тарабынан ишке ашырылып жатканы, андай кол салуулар сырттан пландаштырылып, уюштурулуп жатпасын деген божомолго негиз берүүдө. Эгерде мындай кол салуулар көбөйсө, Ооганстандагы эл аралык аскерлерди күчтөндүрүү маселеси көтөрүлүшү ажеп эмес.

Кабулда жасалган эки кол салуу тең окшош болгон. Анын биринде жан кечти террорчу британ аскерлеринин "Жип" үлгүсүндөгү машинесин "Такси" деген жазуусу бар жеңил машине менен сүздүрүп барып, бомба жардырган болсо, экинчисинде, террорчу канадалык аскердик машиненин жанынан өтүп баратымыш болуп, койнуна каткан жардыргыч дүрмөттү жардырып жиберген. Өзүн талибандын өкүлү деп тааныштырган Абдул Самад деген киши АФП кабар агенттигине телефон чалып, Кабулдагы жардырууларды талиптер ишке ашырганын жана баш калаага жакында эле ондогон жан кечти террорчу сүңгүп киргенин эскерткен.

Кабулдагы эксперт Викрам Парек кол салуулардын көбөйүүсү Ооганстанда өтө турган шайлоого кедерги болушу ыктымал экенин эскертет.
XS
SM
MD
LG