Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

29-январда парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын үч комитети «Кумтөралтын» долбоорунун маселесин карап, алтын кени боюнча парламенттик талкуу өткөрүү керек деген чечимге келди.

«Кумтөралтын» долбоорун кайра түзүү - реструктуризациялоо маселесин Мыйзам чыгаруу жыйынынын Кен, курулуш, транспорт жана Мамлекеттик коопсуздук, ошондой эле Каржы, бюджет комитеттери биргелешип карашып, үч пункттан турган чечим кабыл алышты. Анда «Кумтөралтын» долбоорун кайра түзүү боюнча өкмөт кабыл алган чечим Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2003-жылдын 20-июлундагы токтомун бузду деп белгиленди. Аталган токтомдо долбоорду реструктуризациялоо жөнүндө макулдашууну парламент жактырмайынча өкмөт ага кол коюлбастыгы айтылган.

Андан тышкары палата бул маселе боюнча парламенттик угуу өткөрүп, премьер-министр Николай Танаевдин маалыматын уксун деген чечимге келишти. Анын себебин кен, курулуш жана транспорт маселелери боюнча комитеттин мүчөсү, депутат Орозбек Дүйшеев мындай деп түшүндүрдү:

- Азырынча бул токтомдун аткарылышын токтотушубуз керек. Кеп мына ушунда. Анткени, Жогорку Кеңештин - элдин өкүлдөрүнүн чечимин тоготпогондук болуп жатат. Экинчиден, Жогорку Кеңеш макулдашууну иликтеп, түшүнүп, анан маакулдугун бермейинче токтом ишке кирбесин деп жатабыз. Анткени, Кумтөр элдин байлыгы. Биз мурун реструктуризациялоо маселесин карап, Кумтөрдөн алына турган кирешени эсептеп чыкканбыз. Ал эсеп боюнча, кенди ачык жол менен иштетүүдөн мамлекетке 316 миллион долларлык киреше түшүш керек эле. Мындай киреше алынып жаткандан кийин акцияны башка жакка сатуунун зарылдыгы жок.

Орозбек Дүйшеев макулдашуу тууралуу парламентке маалымат бербей жаткан өкмөттүн элден жашырган бир сыры бар болуш керек деген ойдо:

- Макулдашуу ачык түзүлүш керек эле да! Баары тымызын жасалып жатат. Бир айдан бери кол коюлган токтомду Жогорку Кеңешке бербей жатышат. Демек, булардын элден жашыра турган кандайдыр бир жашыруун иштери бар. Андай болбосо эмне үчүн бербейт?

«Кыргызалтын» мамлекеттик акционердик коомунун тышкы экономикалык байланыштар жана инвестиция башкармасынын башчысы Анара Өтөгөнова аталган келишимди даярдоого катышкан. Ал “Азаттыктын” кабарчысына макулдашууда мамлекеттин байлыгын чет өлкөлүк компаниялардын менчигине өткөрүп жибере тургандай жобо жок деп билдирди. Анын айтуусуна караганда, макулдашуу «Кумтөр» кенин эларалык деңгээлде иштетүүгө жана алынган алтынды соодалоого жакшы негиз берет.

Макулдашуунун негизинде Кыргызстан жаңыдан түзүлүп жаткан «Сентерра голд инк» компаниясына кирген үч компаниянын, тактап айтканда, Монголиядагы «Борро», Американын Невада штатындагы «Рэн» жана Канадалык «Гатсуурт» компанияларынын үчтөн бир акциясына ээ болот. “Кыргызалтындын” адистери ушундан улам макулдашууну Кумтөрдүн акциясын чет өлкөгө берүү эмес, чет өлкөлүк абройлуу компаниялар менен акция алмашуу деп атап жатышат.

Анара Өтөгөнованын билдирүүсүнө караганда, макулдашуу Кумтөр алтын кенин иштетүүчү ишканага салык төлөө боюнча мурдагы Башкы келишимде берилген жеңилдикти токтотуп, салыкты 100% алууга да жол ачат. Натыйжада, Кыргызстан Кумтөрдөн жылына 6-7 миллион долларлык пайда ала баштайт:

- Биринчиден, жылына 6-7 млн. доллар алабыз. 6 миллион доллар кайра кайтарылуучу салыктын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Биз бул макулдашууда мурдагы башкы макулдашуудагы бардык кемчиликтерди четтетүүгө аракет кылдык. Эгер макулдашуу ишке аша турган болсо «Кумтөр оперейтинг компаниясы» мурдагыдай салык төлөөдө жеңилдиктерге ээ болбой, башка бардык ишканалардай эле салык төлөп иштей баштайт.

Анын айтымында, «Сентерра голд компаниясына» кирип жаткан чет өлкөлүк компанияларды Лондондо жайгашкан «Стандарт банк» иликтеп, аларды келечектүү ишканалар деген баасын берген. Бирок, депутаттар «Кыргызалтындын» өкүлдөрүнүн мындай билдирүүлөрүнө ынанбай, макулдашууну өз алдынча экспертизадан өткөрүүгө кам көрө башташты.
XS
SM
MD
LG