Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Израил аскерлери Вифлеемге киришти


Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги операциялар бүгүн таңкы апак-шапакта башталды. Кечээ Иерусалимде кыянат жасаган жанкечтинин үйүн жерсүзгү менен сүрдүрүп салышты. Өткөн күнкү террордун жоопкерчилигин “Ал-Аксанын азапкерлер тобу” деп аталган уюм өзүнө алды. Жанкечтинин автобуста жардырган бомбасынан он адамдын өмүрү кыйылды, дагы бир канчасы жарадар болду. ”Хамас” уюму бүгүн билдирүү жасап, камакта жаткан өз активисттерине айырбаштап алуу максатында жөөт аскерлерин барымтага алуу тарыйкасына өтө турганын эскертти.

XS
SM
MD
LG