Линктер

шейшемби, 28-февраль, 2017 Бишкек убактысы 14:27

Меккеде мусулмандардын зыяраты башталды


Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келишкен эки миллионго чукул диндарлар Маккатулладагы башкы мечитте багымдатка жыгылышты. Андан соң ажылыктын негизги вазийпалары башталды. Сауд Арапстандын коопсуздук күчтөрү зыярат аяктагыча күчөтүлгөн абалга өткөрүлдү. Кечээ өлкөнүн борбору Эр-Риядда исламчыл экстремисттер менен атышуу учурунда коопсуздук күчтөрүнүн беш кызматкери окко учту. Бир канча киши кармалды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG