Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Конституциялык сотко А.Акаевдин мөөнөтү боюнча арыз жолдонду


БИШКЕК. Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотонов «Конституциянын жаңы редакциясынын негизинде Аскар Акаев 2005-жылдагы президенттик шайлоого катыша алабы?» деген суроо менен Конституциялык сотко арыз жолдоду. Бул тууралуу Дүйшөн Чотонов «Азаттыкка» маалымдады. Буга чейин депутат бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин кош палатасынын мыйзамдуулук боюнча комитеттерине кайрылган. Мыйзам чыгаруу жыйынын Апсамат Масалиев жетектеген комитети Конституция боюнча 2005-жылдагы президенттик шайлоого Аскар Акаевдин катышууга укугу жок» деген бүтүм чыгарган. Ал эми Эл өкүлдөр жыйынынын мыйзамдуулук жана конституциялык түзүлүш комитети тескерисинче, «келээрки президенттик шайлоого Аскар Акаевдин катышууга укугу бар» деген бүтүмгө келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG