Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

Ташкенде аймактын коопсуздугу талкууланмакчы


БИШКЕК. 2-февралда Ташкенде «Борбор Азиядагы аймактык коопсуздук» аттуу эларалык конференция өз ишин баштайт. Ал коопсуздук маселеси боюнча аймактык кызматташтыкты жана өз ара аракеттерди бекемдөө максатын көздөйт. Үч күндүк жыйында эларалык террорчулук, аймактагы экстремизм, наркотрафика өңдүү маселелер талкууланат. Ага Кыргызстандан Тышкы иштер, Коргоо министрликтеринин жана президенттин алдындагы стратегиялык изилдөө институтунун өкүлдөрү катышаары болжолдонуп жатат. Жыйынды коопсуздук маселелерин иликтөө боюнча Маршалл борбору менен Өзбек президентинин алдындагы эларалык стратегиялык институту уюштурууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG