Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:51

Феликс Куловдун арызын Акыйкатчы кароого ниеттенүүдө


БИШКЕК. Феликс Кулов өзүнө байланышкан сот иши боюнча Конституциялык сот натыйжалуу чечим чыгарарына көзү жетпейт. Ошондуктан, ал акыйкатчыга арыз жолдоо камылгасын көрүүдө. Мындай пикирин камакта жаткан саясатчы кечээ Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулуна билдирген. Бакир уулунун бүгүнкү маалымат жыйынында билдиришинче, Феликс Куловдун арызы боюнча кандай тыянак чыгаарын акыйкатчы институту жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгы гана аныктайт.
Буга чейин Европарламент, АКШнын мамлекеттик департаменти, башка бир катар эларалык уюмдар Феликс Куловдун камалышына кабатыр билдирүүлөрүн таратышкан. Ал эми Кыргызстандын ырасмий бийлиги «Кулов саясий негиз менен камалган» деген дооматтарга кошулбайт.

XS
SM
MD
LG