Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:56

Нарын АЙЫП, Прага 30-январда Сауд Арабияда ажылыктын акыркы, эң маанилүү беш күндүк бөлүгү башталды. Мекеге келгендер 31-январда Арафат тоосуна чыгат. Ажылыкка быйыл күтүлгөндөн азыраак адам келгени менен, Сауд Арабиянын өкмөтү жогорку деңгээлдеги коопсуздук чараларын көрүүдө.

Мекеге ажылыкка келүү - дүйнөдө бир мезгилде бир жерде эң көп адам чогулган окуя, ошондуктан Сауд Арабиянын жетекчилиги ажылыкка келгендердин санын чектеп турууга аргасыз. Ар бир өлкөдөн жыл сайын анын жалпы мусулмандар санынын 0,01 пайызынан ашык адам келбеш керек. Быйыл Мекеге эки миллионго жакын киши келип чогулат деп күтүлгөн, бирок 29-январга карата бир миллион 400 миң гана адам келди.

Мынчалык көп адам чогулган жерде дайым ар башка кокустуктар жана кырсык болушу мүмкүн жана болот. Мисал үчүн, 1987-жылы Ирандан келген зыяратчылар Израил менен АКШга каршы демонстрация уюштурганда кагылышуу чыгып, 400 адам курман болгон. 1990-жылы Каабанын кара ташын айлануу мезгилинде ири жөөлөшүү болуп, андан бир жарым миң адам каза тапкан. 1997-жылы болсо зыяратчылар жашаган чатырлардын биринен өрт чыгып, 340 киши өлгөн. Бирок акыркы жылдарда дүйнөдө террорчулук күчөдү жана өткөн бир жылдын ичинде эле Сауд Арабиянын өзүндө май жана ноябрда бир нече террор аракети ишке ашырылып, элүүдөн ашык адам набыт болду.

Ага кошумча, акыркы апталарда Түштүк Азия мамлекеттеринде жаңы куш ылаңы башталды, Меккеге болсо Индонезиядан келгендер көп. Ошондуктан коноктордун ден соолугунан кам көрүү да жогору жана Меккенин айланасында 20 көчмө оорукана, 188 ден соолук борбору менен 155 тез жардам түйүнү уюштурулду, аларда бардыгы болуп 10 миңге жакын адам иштейт.

Бирок эң негизги коркунуч - мүмкүн боло турган террор аракеттери. 28-январда эр-Рияд шаарында аскерий парад уюштурулуп, андан коопсуздукту коргой турган бир миңге жакын аскер өттү. Анын эртеси болсо, 29-январда шаарда куралдуу кагылышуу чыгып, андан беш коопсуздук кызматкери курман болду, бирок өкмөттүк аскерлер көпкө изделип жүргөн кылмышкерди кармаганы тууралуу да билдирди. Кагылышуу учурунда анын атасы өлтүрүлгөн.

Анткен менен көпчүлүк байкоочулардын пикиринде, ажылык учурунда кандайдыр бир ири террор аракети ишке ашырылбайт. Лондон шаарындагы Ислам институтунун деректири Абдел Халимдин айтымында, өзүн мусулман деп эсептеген бир да адам зыярат учурунда террор аракетин уюштурууга барбайт: "Эч бир мусулман андайга барбаш керек, анткени Куранда Меке менен зыярат жасалган бардык башка жерлердин коопсуздугу жөнүндө жазылган. Менин оюмча, кимдир бирөө ажылык учурунда террор аракетин уюштурса, ал окуя анын өзүнө каршы күчтүү пропаганда болот".

Ал эми Женевадагы Коопсуздук саясат борборунун деректири Шахрам Чубиндин пикиринде, террорчулардан эмнени болбосун күтсө болот: "Бул адамдар мусулман болгону менен, Куранды башкача, өздөрүнчө түшүнөт. Алар Куранда жазылганды өз пайдасында гана чечмелейт жана эгер алар өлкөнүн жетекчилигин жаман деп эсептесе, ага каршы кандай болбосун аракет көрүүгө Куран бизге уруксат берет деп эсептейт".

"Сауди газетте" деп аталган гезит жазганга караганда, быйылкы ажылык учурунда эле акыркы күндөрдө Сауд Арабияда зыяратчылардын арасынан бир жүз он бешке жакын адам каза болду, алардын көпчүлүгү - Түштүк-Чыгыш Азиядан келгендер.
XS
SM
MD
LG