Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

БИШКЕКТЕ БОРБОР АЗИЯДАГЫ АДАМ УКУКТАРЫНЫН АБАЛЫ ТАЛКУУЛАНУУДА


30-январда Бишкекте «Борбор Азиянын адам укуктары боюнча милдеттенмелери: жетишкендиктер жана маселелер» деген темада аймактык конференция өз ишин баштады. Ага Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун, Хельсинки федерациясынын өкүлдөрү жана аймактагы мамлекеттердин укук коргоочулары катышууда.

Эки күнгө созула турган жыйын Рамазан Дырылдаев жетектеген Адам укуктары боюнча кыргыз комитети жана Адам укуктары боюнча эларалык лига тарабынан уюштурулган. Анда негизинен, Борбор Азия өлкөлөрү өткөн жылы Варшавада адам укуктары боюнча өз мойнуна алган милдеттемелерди кандай аткарып жатканы талкууланууда. Буга ЕККУга төрагалык кылып жаткан Болгариянын 2004-жылды мурда кабыл алынган милдеттенмелерди көзөмөлдөө жылы деп аташы себеп болду.

Варшавада кабыл алынган милдеттенмелер тууралуу бул шаарда жайгашкан ЕККУнун Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча бюросунун өкүлү Наталия Сейитмуратова маалымат берди:

- ЕККУга кирген Борбор Азия мамлекеттерине шайлоо алдында жаңы милдеттерди алуу, сөз эркиндигин, соттордун көз карандысыздыгын камсыздоо, абактарда кыйноолордун жолун тосуу сунушталган.

Конференциянын көпчүлүк катышуучулары талкууда “мурдагы СССРдин аймагындагы мамлекеттерде авторитардык бийлик системасы бекемделип баратат, ага каршы ЕККУ кандайдыр бир чара көрө алабы?” деген маселени коюшту.

Маселен, Кыргызстандын өкүлү Замира Сыдыкова «ЕККУнун милдеттемелерин аткарбаган мамлекеттерге каршы жазалоочу санкция киргизиш» маселесин койду. Ага ЕККУга учурда төрагалык кылып жаткан Болгариянын өкүлү Красимир Петров минтип жооп берди:

- ЕККУнун алкагында санкция киргизүү өтө аяр маселе. Санкция киргизүү тартиби бизде жок. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму болгону саясий басым көрсөтүшү мүмкүн. Бир убакта ЕККУ санкция ирээтинде Югославияны мүчөлүктөн чыгарган. Бирок, ал пайда алып келген эмес. ЕККУ диалогду жактайт.

Ал эми Орусиянын «Мемориал» уюмунун төрагасы Виталий Пономарев жыйында мындай маселени козгоду:

- ЕККУ 1995-жылга чейин жакшы иштеди. Андан кийин ал кризиске кабылды. Бул мурдагы СССРге кирген өлкөлөрдө авторитардык–тоталитардык система калыбына келтирилип жатышынан байкалууда. ЕККУ буга өзүнүн ичинен системалык өзгөрүү жасамайын таасир эте албайт. Биринчи кезекте мына ушундай кризис бар экенин моюнга алып, андан кийин аны чечүүнүн жолун аныкташ керек.

Ал эми «Аксылык энелер» кыймылынын башчысы Дилбар Момункулова «Аксы окуясын иликтөөгө ЕККУ жана башка уюмдар жардам көрсөтө алабы?» деген суроону койду. Ага Красимир Петров «эларалык уюмдар комиссия түзгөн күндө да, көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө кыргыз бийлиги жол бербейт. Бул маселени жергиликтүү өкмөттүк эмес уюмдар өз активдүүлүгү менен адилет чечүүгө бийликти мажбурлаш керек» деген жообун берди.

“Дегинкиси, - дейт Красимир Петров, - жергиликтүү укук коргоочулар жана өкмөттүк эмес уюмдардарын өкүлдөрү «ЕККУ баарын чечет» деп үмүттөнбөш керек. ЕККУ демократиялык институттарды бекемдөө, адамдардын укуктарын коргоону түшүндүрүү ыкмалары менен гана атуулдук коомду түзүү жагын көздөйт”.

Конференция өз ишин 31-январда улантат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG