Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:33

«ОТАН» БОРБОРУ КЫРГЫЗ-КАЗАК УНИВЕРСИТЕТИН АЧУУГА ЫНТЫЗАР


Санарбек Карымшаков, Бишкек Казактардын "Отан" улуттук маданият борборунун төрагасы Бейсекан Молдобаев менен “Азаттыкка” маек куруп берди.

- Бейсекан мырза, адегенде сиздердин "Отан» борбору качан түзүлдү эле? Азыр Кыргызстанда канча казак боордошторубуз жашап жатат? Ушулар тууралуу кеп салып берсеңиз?

- Бул "Отан" кыргыз казактарынын борбору болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө
Кыргызстанда 6 миңдей казак бар. 1929-жылдагы коллективдештирүү, 1933-жылдагы ачарчылык кезинде көптөгөн казактар өзүнүн ата конушунан Кыргызстанга ооп келип туруп калышкан. Азыр Кыргызстанда жашап жаткан казактардын көпчүлүгү ошол казактардын урпактары. Казактар негизинен Чүйдө, Ысыккөлдө, Таласта, бирин-серин Ош, Жалалабад, Нарын облустарында жашашат. Ырас, 60-жылдардан кийинки кездерде көптөгөн казактар өз отанына кайтып кетишти. Биз «отан» деп ата мекенди айтабыз. Кийинки кезде Кыргызстандын эгемендүү өмүрүндө казак диаспорасынын кылып жаткан иши аз эмес. Кыргызстан эгемендүү өлкө болуп жарыялангандан кыргыз калкынын тунгуч Конституциясын жазышкан авторлор үч адам болсо, анын бири Сүйөркул Косаков деген казак азаматы. Кезинде Юстиция министринин орун басар кызматын аткарды. Азыр Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин орун басар деканы. Бул жердеги казактар Сейиткан Жошубаев деген атактуу хирургду мактап жүрөбүз. Бул жалгыз гана Кыргызстандын эмес, Казакстандын да эмгек сиңирген дарыгери. Мына ушундай атактуу казак аттуулары көп.


- Маданий борбор азыр кандай максаттарды аркалап атат?

- Биздин негизги милдетибиз -жаштардын арасында өзүбүздүн ата салтыбызды, эне тилин унутууга жол бербөө. "Отандын" карамагында 1996-жылдан тарта жекшембилик мектеп ачылды. Жекшембилик мектебинде казак жаштары ар дем алыш күнү жыйналып, казакча окуп, билим алат. Бул мектепке бир гана казак жаштары эмес, кыргыз, орус, татар, уйгур, корей жаштары келип казакча окуп үйрөнүүдө. 1997-жылдан баштап Бишкек Гуманитардык университетинин түркология факультетинин карамагында казак факультетин ачтык. Анда казак жаштары гана эмес, кыргыздар да окушат. Биздин келечектеги максатыбыз - Кыргызстанда казак-кыргыз университетин ачуу. Бул маселени көтөрүп, биз Астанага жеткирдик. Азыр Казакстан окуу министрлигинде каралып жатат. Келечекте казак-кыргыз университетин ачсак, буга керектүү кадрлар жетиштүү. Айына бир ирет казак тилинде гезит чыгаруу да оюбузда бар. Ошондой эле Кыргызстанда өмүр сүргөн атактуу казактар тууралуу да китеп чыгарсакпы деген үмүтүбүз бар.

- Кыргызстандын келечегине кандай карайсыз?

- Биз, казак болгонубуз менен Кыргызстандын азаматтарыбыз. Эгер калкыбызда ынтымак, бирдик болсо, ушул бүгүнкү кыйынчылыктар артта калат. Биз келечекте экономика жагынан өсүп, өнүп, Кыргызстан Орто Азиядагы гүлдөгөн өлкөгө айланат деген үмүттөбүз.
XS
SM
MD
LG