Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:44

КЫРГЫЗСТАНДА МАЙЫП СПОРТЧУЛАРЫНЫН ПАРАОЛИМПИАДАЛЫК КОМИТЕТИ ТYЗYЛДY


Майып спортчулардын айрымдары эл аралык мелдештерге, Азия оюндарына жана параолимпиадаларга катышып жүрүшөт. Бирок, буга чейин Кыргызстанда улуттук параолимпиадалык комитет түзүлө элек болчу. Жакында мындай комитет «Алга, Кыргызстан» партиясынын демилгеси менен түзүлдү.

Кыргызстандагы жаңы түзүлгөн улуттук параолимпиадалык комитеттин президенттигине «Нур» акционердик ачык коомунун төрагасы Жуман Нуржанов шайланды. Уюштуруу конференцияда спорт коомчулугу майыптар спортуна көңүл буруу, аларга каражат жана спорт жабдуулардан жардам берүүнүн зарылдыгы айтылды. Бул комитеттин түзүлүшү жана алдыдагы максаттары тууралуу Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Бообек Кадыркулов мындай деди:

- Бул - мезгил талабы. Кыргызстанды эл аралык аренага таанытып жүргөн спортчуларга эми шарт түзүлүп, камкордукка алынат деген ишеним бар. Мурдакы параолимпиадалык оюндарга бизден 1-2 спортчу гана барса, быйылкы Афина олимпиадасына 5-6 майып спортчуну жиберүүгө мүмкүнчүлүк бар».

Майып спортчулар үчүн эл аралык биринчи оюндар 1948- жылы Улуу Британия өлкөсүндө өткөрүлгөн. 1960-жылдан бери майыптардын мелдеши параолимпиадалык оюндар деп аталып, ошондон бери 4 жылда бир уюштурулуп келатат.

Кыргызстандык майып спортсмендер болсо 1990-жылдан баштап мелдештерде жеңишке жетише башташты. Ташкент шаарында 1990-жылы өткөн СССРдин чемпионатында кыргызстандык Бакыт Бакчиев 57 кг салмактагы оордук көтөрүү боюнча алтын медалды жеңип, СССРдин чемпиону аталган. Кийинки жылы оор атлетикадан майып спортчулар Роман Өмүрбеков, Эдуард Гисов жана Александр Качалов да Шериктеш өлкөлөрдүн баш байгесинин ээси болушкан.

Кыргызстандыктар үчүн паралимпиадалык оюндардын эшигин 1992- жылы Барселонада пауэрлифтинг боюнча Роман Өмүрбеков ачып, ал 7-орунга жеткен. Өлкөдөгү майып спортчулардан Владимир Брязгунов 1994-жылы Санкт-Петербургдан Алматыга чейинки супермарафонго катышып, велоарабасы менен 9 миң км. аралыкты басып, мурдакы 15 союздук республиканы аралаган. Анын эрдигин баалап, Орусиянын ошол мегилдеги президенти Борис Ельцин “Каармандык ордени” менен сыйлаган.

Ал эми 1992-жылы Кыргызстанда майып спортчулардын клубу түзүлүп, 1994-жылы федерация болду. Эл аралык паралимпиадалык комитетке мүчөлүккө кабыл алынды. Атланта паралимпиадасына Роман Өмүрбеков менен Ниязбек Чалиев, 2000-жылдагы Сидней паралимпиадасына Роман Өмүрбеков менен Эдуард Гисов барып, Кыргызстандын намысын коргошту. 1998-жылы кышкы параолимпиадага Наганого тоо лыжасы боюнча Владимир Рябов барды.

Чынында, кыргызстандык майып спортчулар Азия оюндарына бирин-экин катышып жүргөнү менен, бул спорт тармагы колдоого алынбай келет. Параолимпиадалык оюндар спорттун 14-15 түрү боюнча өткөрүлөт, бирок, кыргызстандыктар спорттун пауэрлифтинг түрү боюнча гана катышып жүрүшөт. Ал эми дүйнө жүзүндө майыптар спорту өнүгүп, алардын көңүлү өсүп, дүйнөлүк рекорддорду жаңыртышууда. Ал түгүл, Борбор Азия өлкөлөрүндө параолимпиадалык комитеттер түзүлүп, максаттуу иштеп жатышат.

Кыргызстанда азыр 6 спорт мектебинин бири майып спортчуларын тарбиялоодо. Бул саамалыкты улантып, майып спортчулар үчүн олимпиадалык резервдеги атайын адистешкен мектеп түзүү зарылдыгы бар. Жаңы уюшулган өлкөнүн параолимпиадалык комитетинин вице- президенти, Бишкек шаардык каржы (финансы) башкармасынын жетекчиси Абдуалим Нишанов жаңы аракеттер тууралуу мындай дейт:

- Биринчиден, каражат маселесин чечүү менен алар машыга турган спорт зал таап, аларга жабдуу алууга камылга көрүп жатабыз. Алардын спорттук чебердигин жогорулатуу боюнча атайын машыктыруучуларды да ишке тартууну ылайык көрүүдөбүз. Каражат маселеси кыйын болсо да, майыптарга соопчулук кылууга ниет кылган демөөрчүлөр болгону турат. Эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр да жүргүзүп жатабыз.

Майыптарды социалдык жактан коргоо боюнча марафондор өткөрүлүп жүрөт. Анда чогулган каражаттын бир үлүшүн майып спортчуларды колдоого жумшаса, алар ооруну жеңип, спорт менен ден соолугун чыңдап, келечекке болгон ишеним отун жандырат эле. Себеби,жакшы шарт түзүлсө, Кыргызстанды эл аралык аренада таанытуучу кыз- жигиттер арбын. Кыргызстандык майып спортчулардан Роман Өмүрбеков Франциянын жана Шериктеш өлкөлөрдүн эки жолку чемпиону болгон. Эми жаңы түзүлгөн Улуттук параолимпиадалык комитети Эл аралык параолимпиадалык комитетке мүчө болуп, Афина параолимпиадасына жолдомо алуу үчүн мелдештерге майып спортчуларды жиберүү милдети турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG