Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:11

АКШ президенти Саддамдын согуштук арсеналы тууралуу бардык маалыматтарды билгиси келээрин айтты


Жорж Уокер Буш Ирактагы согуш башталаар алдында америкалык чалгынчылар чогулткан маалымат менен кийин Иракта массалык кыргын салуучу курал издеген инспекторлордун докладын салыштыруу керек деген пикирде. Бирок, ал Саддам Хусейн кантсе да, Ирактагы согуштун алдында "өсүп бараткан коркунучка" айланганына ишендире кетти.

- 11-сентябрдагы теракттардын тегерегиндеги кырдаалдан улам, АКШ Бириккен улуттар уюмуна кайрылып: «Саддам Хусейн – кооптуу адам. Аны куралсыздандыруу багытында бирге иштешели» деп сунуш кылган. Саддам эч кимдин сөзүн укпай, өз билгенин кылган, эл аралык коомчулукту назарына алган эмес, ошондуктан Америка аны бийликтен кулатуу өнөктүгүн баштаган. Акыры биз ал коркунучтан арылдык, азыр дүйнө - мурдагыдан бейкапар боло түштү.

Буш, бирок, АКШлык айрым саясатчылардын Ирактын курал-жарак арсеналын иликтей турган көз карандысыз комиссия түзүү тууралуу чакырыктарын жоопсуз калтырды. Бейшембиде АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс балким, Ирактагы согуш туура эмес убакта башталган болушу мүмкүн деген оюн айткан. Иракта сегиз ай бою мыйзамсыз курал издеген АКШлык инспекторлордун экс-башчысы Дэвид Кэй жакында Садамдын кеңири кыруучу куралы болгон эмес деген жыйынтыкка келгенин айтып, кызматынан кеткен.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG