Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Ирандын Көзөмөл кеңеши парламенттик марафондон четтетилген талапкерлердин үчтөн бирине – 1160 адамга шайлоого катышууга уруксат берди


Өлкөнүн Жогорку диний лидери дайындаган Көзөмөл кеңешинин мүчөлөрү 20-февралга белгиленген парламенттик шайлоо кийинкиге жылдырылбай турганын ырасташты. Көзөмөлчүлөр ушул айдын башында шайлоо өнөктүгүнөн бардыгы 8200 талапкерди чыгарып салышкан, ошондон тарта Тегеранда реформачыл саясатчылар иш таштоо өткөрүп, айрым өкмөт мүчөлөрү кызматтан чегинээрин эскертишкен. Нааразылык чараларынын катышуучусу, реформачыл депутат Хусейн Логманян "Азаттыкка" буларды билдирди.

- Катардагы адамдар жана парламент мүчөлөрү мындан ары да каршылык көрсөтө беришет. Алардын бири катары мен биз эч убакта артка кайтпайбыз деп айта алам. Адам укуктары – биз үчүн баарынан маанилүү.

XS
SM
MD
LG