Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:32

ЫРААКЫ ЧЫГЫШТА АНГЛИС ТИЛИНЕ КЫТАЙ ТИЛИ АТААНДАШ


Венера Сагындык кызы, Прага шаары Орусиянын Ыраакы Чыгыш чөлкөмүндө соңку жылдары коңшулаш Азия элдеринин тилдерин өздөштүрүү аракети күч алганы байкалат. Бул региондо жашаган орус жаштары келечекте жакшы кызмат өтөп берет деп, ушу тапта кытай, жапон, корей тилдерин окуп-үйрөнүүгө далалаты күч. Жергиликтүү эксперттер Владивостоктун тегерегиндеги чөлкөмдө азыр кытай тили англис тилинен кийинки экинчи маанидеги чет тилге айланганын белгилешет.

Орусиянын Владивосток шаарында жайгашкан Ыраакы Чыгыш университетинде кытай тилин окуган студенттердин саны англис тили факультетинде окугандардан кийинки эле 2-орунга чыкты. Башкача айтканда, француз, немис тили боюнча котормочулук кесипти тандагандар алардан аз. Университеттин алдында Чыгыш таануу институту ачылган, ал окуу жайда студенттер кытай, жапон, корей, вьетнам, хинди жана тай тилдерин өздөштүрүшөт. Анда иштеген мугалимдер Чыгыш таануу институту Владивостокто XIX кылымда эле ачылганын, кийин Сталиндин катаал бийлиги маалында 1939-жылы жабылып калып, ал өлгөндөн кийин 1956-жылы кайра иштей баштаганын тарыхтын эскирип бараткан барактары катары эскеришет.

Акыркы беш жыл ичинде эле Орусиянын Ыраакы Чыгыш чөлкөмү коңшулаш Азиялык мамлекеттер менен экономикалык карым-катнашын күчөтүп, ар тараптуу байланыштарды бекемдей баштагандан тарта Владивостоктогу Чыгыш таануу институтун 1200дөй студент бүтүрүп, диплом алышты. Салыштырмалуу айта кетсек, ага чейинки 30 жыл ичинде университтин чыгыш факультети бардыгы 1 жарым миңдей студентти даярдап чыгарган. Айтмакчы, күндүзгү бөлүмдө окуган студенттерден тышкары ушу тапта ар башка азиялык тилдерди сырттан окуп, же кошумча кесип катары үйрөнүп жаткан дагы 900дөн ашуун адам бар экен.

Кытай тили факультетинин 2-курсунун студенткасы Алиона: "Буюрса, келечекте кытай тилин билген адис катары бизнес, же туризм чөйрөсүндө оңой эле жумуш таап кете алаарыма ишенем", - деген пикирин айтат. Ал университетте чыгыш тилдеринин арасынан кытай тили айрыкча популярдуу экенин, өзү андан тышкары кошумча тилдер катары жапон жана англис тилин өздөштүрүп жатканын кошумчалайт.

Дагы бир Дмитрий аттуу студент: "Биз Кытай менен коңшулаш жашагандан кийин кытай тилин билсек, жумушсуз калбайбыз го деп ойлойм", - деп эсептейт.

Ыраакы Чыгыш университетинин башкаруу чөйрөсүнүн өкүлү Андрей Александров студенттердин айткандарын ырастап, Чыгыш таануу институтун бүтүрүп кеткендер арасындагы бир нече мульти-миллионердин жана ушу тапта Москвада иштеп жаткан расмий бийлик өкүлдөрүнүн ысымдарын тизмелеп атайт. "Бүтүрүүчүлөрдүн ондон бири гана тилди окутуу, филология илими жаатында иштеп жатышат, калган тогузу бизнес, башкаруу чөйрөлөрүндө эмгектенүүдө", - дейт Александров мырза.


Бирок, чыгыш тилдерин үйрөнүү – оңой-олтоң иш эмес, ошондуктан Александровдун айтымында, окууга өткөн студенттердин үчтөн бири дипломго жетпей, жеңилирээк факультетке которулуп, же окуусун таштап кете беришет.

Университеттен сырткары Владивостокто 3 мамлекеттик мектеп кытай тилине адистешет. Аларда балдарын окутууну каалаган ата-энелердин саны арбып бараткандыктан, 1-класска кире турган тестиерлер атайын сынактан өтүшөт.


Аягында кошумчалай кетерибиз, чыгыш тилдерине, айрыкча кытай тилине ынтызарлык Орусияда гана эмес, соңку жылдары байыркы Чыгыш дөөлөтүнө коңшулаш Кыргызстан, Казакстанда да күч алганы байкалат. Айтсак, Борбор Азия мамлекеттеринин тыңдары жана мыкчыгерлери мектепти бүтүргөн балдарын алыска жөнөткөндөн көрө, коңшулаш Кытайда окутууга ыктай баштагандыгы байкалат.
XS
SM
MD
LG