Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:38

ТАШКЕНДЕ АЙМАКТЫК КООПСУЗДУК МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТМӨКЧҮ


Сапар Орозбаков, Бишкек 2-февралда Ташкенде «Борбор Азия аймагынын коопсуздугу» деген ат менен 4 күндүк эларалык конференция ачылат.

Жыйынды Германиядагы Дж. Маршалл атындагы коопсуздук маселелерин изилдөө борбору менен Өзбекстан республикасынын президентинин алдындагы стратегиялык маселелерди изилдөө институту биргелешип өткөрмөкчү. Ага Борбор Азия жана Кавказ өлкөлөрүнүн , Монголиянын, Ооганстандын, Германиянын, АКШнын, Орусиянын өкүлдөрү катышмакчы. Кыргызстандан Тышкы иштер министрлиги жана Коргоо министрлигинин кызматкерлери жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү барышат. Конференциянын максаты тууралуу Тышкы иштер министрлигинин БУУ жана коопсуздук боюнча башкармалыгынын жетекчиси Улан Жунусов мындай деди:

- Аймактык коопсуздукка, демократиялык өзгөрүүлөргө, Борбор Азиядагы мамлекеттер арасында өнөктөштүктү бекемдөөгө байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланат.

Улан Жунусовдун айтымында, конференцияда террорчулук, диний эстремизм, баңгизаттардын конрабандасы, курал-жарак менен соода кылуу өңдүү маселелер каралат. Сөз сүйлөөчүлөрдүн көпчүлүгү - батыш өлкөлөрүнөн. Борбор Азия өлкөлөрүнөн жалгыз гана Кыргызстандын «Седеп» бейөкмөт уюмунун жетекчиси Орозбек Молдалиев терророчулукту каржылоонун булактары жөнүндө чыгып сүйлөйт. Кыргызстандын өкүлдөрү Ташкенге бүгүн кечинде жөнөп кетишмекчи.
XS
SM
MD
LG