Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

АКСЫ ОКУЯСЫ БОЮНЧА КООМДУК УГУУ ӨТӨТ


Азиза Турдуева, Бишкек Ушул жылдын март-апрель айларында Бишкекте Аксы окуясына байланыштуу коомдук угуу өткөрүлөт. Мындай сунуш менен Кыргызстандагы айрым бейөкмөт уюмдар менен укук коргоочулар жана Аксы окуясында жабыр тарткандар чыгышууда. Бирок, бул окуяга байланыштуу коомдук угуунун өткөрүлүшүнө карата кайчы пикирлер арбын.

Өлкөнүн тарыхында өз изин калтырган Аксы окуясынын орун алгандыгына ушул жылдын март айында туура эки жыл болот. Учурда коомчулукта Аксы окуясы боюнча коомдук угууларды өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө ар кыл пикирлер айтылууда. Аксы окуясында курман болгондордун үй-бүлө, тууган-уруктары, бул окуядан жабыр тарткандар, көпчүлүк укук коргоочулар Аксы окуясына күнөөлүүлөр азырга чейин сот жообуна тартыла элек деп эсептешет. 2002-жылдын 17-мартында Жалалабат облусуна караштуу Аксы районунда болгон кандуу окуяда милиция кызматкерлери тарабынан 5 адам атып өлтүрүлгөн.

Аксы окуясы боюнча коомдук угууну өткөрүүнүн зарылдыгына басым жасаган алатоолуктар аз эмес. Маселен, Аксы окуясында жабыр тарткандардын укуктарын коргоо комитетинин өкүлү Кубаныч Маматкеримов бул жөнүндө «Азаттыкка» мындай дейт:

- Аксы окуясы боюнча коомдук угуу кыргыз эллине керек. Азырга чейин Аксы окуясы боюнча күнөөлүү адамдардын аты атала элек. Ал эми жергиликтүү чиновниктерге козголгон сот иши курман болгондорго, ок атууга тиешелүү кылмыш иши эмес, алар болгону пикетке чыккан адамдарга тоскоолдук кылган үчүн делип гана соттолуп, кайра акталышты. Ошону үчүн бул коомдук угууну өткөрүү зарыл деп эсептейм.

Аксынын «Энелер» коомунун төрайымы Дилбар Момункулова да Аксы окуясы боюнча коомдук угуулардын өткөрүлүшү зарыл деген пикриде:

- Аксы окуясы боюнча маселенин эмдигиче чечилбей келе жаткандыгы, ушул убакытка чейин кыргыз бийлигинин жыйынтык чыгарбагындыгы өзгөчө аксылык энелердин жүрөгүн өйүп келе жатат. Аксы окуясында курман болгондордун балдарынын өксүүсү, алардын жесирлеринин күйүтү, балам деп боздоп калган энелердин арманы - кимдин убалына?.. Аны ким ойлойт?

Ал эми Кыргызстандагы бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдарынын биримдигинин төрайымы Токтайым Уметалиева Аксы окуясына күнөөлүүлөр сот жообуна тартылды жана бул маселе боюнча коомдук угуу өткөрүүнүн зарылдыгы жок деген пикирде:

- Коомдук угууну өткүрүүнүн зарылдыгы жок . Андан эмне чыгат? Болоору болду эми. Турмуш өтүп жатат. Кечиримдүүлүк деген болушу керек да. Сүйлөп-сүйлөп кетип калышат. Күнөөлүүлөр жазага тартылды. Бул боюнча эл аралык уюмдарга отчет берилген. Эми андан артык эмне кылуу керек? Бул тема - жабылган тема. Ага кайрылбаш керек.

Адам укуктары боюнча Эл аралык Лиганын өкүлү Петр Залмаев Аксы окуясына күнөөлүүлөр жоопко тартылмайынча, бул маселеге чекит коюлбайт деген көз карашта:

- Бул окуяга күнөөлүүлөр, алардын ичинде жогорку бийлик өкүлдөрү тийешелүү түрдө жоопко тартылмайынча, бул трагедиялуу окуя боюнча коомдук иликтөөнүн зарылдыгы сактала берет.

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова да жогорудагыдай пикирди тутаарын билдирет:

- Аксы окуясындагы кылмыш иши ошол бойдон жабылып калгандыгына коомчулуктун, бийлик өкүлдөрүнүн, эл аралык уюмдардын да көңүлүн буруу керек. Ошончо адамдарды өлтүрүп, уруп—сабап, жарадар кылган фактылар боюнча соттун кароосу болбогондугуна байланыштуу бул окуяга арналган атайын коомдук угуу өтүшү зарыл деп эсептейм.

Кыргыз бийлиги болсо өкмөттүн кызматтан чегиниши сыяктуу чаралар аркылуу Аксы окуясына саясий баа берилген деп эсептөөдө. Арийне, Аксы окуясынан кийин бийликтен түшүрүлгөн айрым төбөлдөрдүн кайра эле жогорку кызматтарга дайындалганын оппозиция «көз будамайлоо аракети» катары баалоодо.
XS
SM
MD
LG