Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:55

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ УЛУТТАР МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ КАНТИП ҮЙРӨНҮШӨТ?


Кыргыз президенти менен депутаттар тобу парламентке сунуш кылган “Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзам долбоору Мыйзам чыгаруу жыйынынын кароосунда турат. Бирок, парламентке сунуш кылынаар менен эле коомдо карама-каршы пикирди пайда кылган бул мыйзамды президент кайра кайтарып алууга ниеттенип калганы белгилүү болду. Ага мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган айрым жоболорунун жалаң орус тилинде сүйлөгөн калк катмарынын арасында карама-каршы пикирлерди жаратканы түрткү болду. Ушундан улам азыр ар кандай улут өкүлдөрүнүн мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн кандай аракеттерди көрүү керек деген олуттуу маселе жаралды.

Президент Аскар Акаевдин пикирине караганда, тилди буйрукчул (акимдик) ыкма менен мажбурлап үйрөтүүдөн майнап чыкпайт. Мындай пикирин ал кечээ Кыргызстан элдеринин төртүнчү курултайында билдирип, улуттар ортосундагы интеграцияны өркүндөтүүдө кыргыз тили башкы орунда болууга тийиш экендигин, бирок, ал үчүн тийешелүү шарт түзүү зарылдыгын баса белгиледи:

- Башкы көңүл, албетте, Кыргызстандын 70 пайызга жакын калкы сүйлөгөн кыргыз тилине бөлүнүш керек. Кыргыз тили расмий орус тили сыяктуу эле улуттар ортосундагы катнаш тили болууга тийиш. Бирок, биз ал максатка азыр көрүлүп жаткан аракеттердей акимдик мажбурлоо жолу менен эмес, өз каалоосу менен үйрөнүү, тил үйрөнүүнү каалаган бардык атуулдарга шарт түзүү жолу менен жетишибиз керек.

Мындай ойлор «Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамды» парламентте талкуулоо учурунда айтылып, кыргыз тилин колдонууга жапырт киргизүүдөн мурун аны үйрөнүүгө шарт түзүү жана ага атайын каражат бөлүү зарылдыгы белгиленген эле.

Андай ой ээлеринин бири – мыкты билген тили орус тили болгон депутат Кабай Карабеков:

- Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн өзүнчө бир мыйзам кабыл алуу зарыл. Андан тышкары мамлекеттик бюджет жөнүндөгү мыйзамга мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча атайын берене киргизүү керек. Анын негизинде мамлекеттик тилди үйрөткөн адистер иш табабыз деген ишенимде, ал эми кыргыз тилинде сүйлөбөгөн мамлекеттик кызматкерлер жарым жылдын ичинде мамлекеттик тилди үйрөнөм деген ишенимде болушат. Атайын беренеге ылайык мамлекеттик тилди үйрөтүү боюнча программалар каржыланышы керек... Бир багыттуу программа иштелип чыкса, бардыгы кыргыз тилинде сүйлөй баштайт эле.


«Славян фонду» коомдук уюмунун Токмоктогу бөлүмүнүн башчысы Надежда Березова да эгер шарт болсо кыргыз тилин үйрөнүүшөөрүн жана Кыргызстандын атуулу катары кыргыз тилинде сүйлөөгө орус тилдүү калктын көбү ынтызар экендигин баса белгиледи:

- Мага орустардын жана орус тилдүү калктын маанайы жакшы белгилүү. «Орус тилдүүлөр мамлекеттик тилди үйрөнгүсү келбейт№ дегендерге, мен: «Орустар менен орус тилдүүлөр Кыргызстандын атуулу катары кыргыз тилин билүү керек деген бүтүмгө эбак эле келишкен» деп айтаар элем. Алардын көбү мага «Тилди кайдан үйрөнсөк болот?» деген суроолорду беришет. Ушундан улам мен жер-жерлерде тил үйрөнүү борборлорун ачуу зарыл деген ойдомун.

Мындай сунуш-пикирлерге өкмөт өкүлдөрү деле каршы эмес. Экономика боюнча вице-премьер министри Жоомарт Оторбаевдин оюна караганда, мамлекеттик тилди үйрөтүү үчүн атайын каражат бөлүү жана аны атайын программалардын негизинде ырааттуу пайдалануу зарыл:

- Менин оюмча, мамлекеттик бюджеттен көбүрөөк акча бөлүп, атайын мамлекеттик программаны түзүү керек. Ошол программанын ар бир пунктун каражат менен бекемдешибиз керек. Андан тышкары, сыналгыга (телевидениеге) да бул багыт үчүн акчаны көбүрөөк бөлүп, радио менен телевидениеде кызыктуу программаларды чыгаруу керек. Ар бир кинону кыргыз тилиндеги субтитр менен же котормо менен коштоп көрсөтүү зарыл. Эң таанымал көп сериялуу фильмдерден тартып, Орусиянын сыналгысынын ток-шоу программалары менен жаңылыктарына чейин кыргызчага которуш керек. Муну биз ойлоп тапкан жерибиз жок. Бул - башка мамлекеттерде эбактан пайдаланып келе жаткан эл аралык стандарттагы ыкма. Ошондуктан, акимдик ыкма менен биз мамлекеттик тилибизди өнүктүрө албайбыз. Ал үчүн (кыргыз тилин окуткан) ар бир мугалимге көбүрөөк акча бөлүп, ага эң талантуу мугалимдерди тартып, сонун китептерди чыгартууга тийишпиз. Эл аралык классикалык адабияттарды да кыргыз тилине котортуп, баарыга түшүнүктүү, жакшы тилде басып чыгарсак жылыш болот. Албетте, бул маселелердин баарын акчасыз эч качан чече албайбыз.
XS
SM
MD
LG