Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:23

ИРАК СОГУШУ ЭМНЕ ҮЧҮН БАШТАЛГАНЫН ТЕРГӨӨ КЕРЕКПИ?


Нарын АЙЫП, Прага Президенттик шайлоо өткөрүлө турган жылы АКШда бир топ орчундуу саясий талаш-тартыштар да болууда жана аларга жакында Ирак согушун былтыр баштоого жетиштүү негиз болгон-болбогону тууралуу маселе кошулду. Оппозициядагы Демократиялык партиянын жетекчилери бул маселе боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүнү талап кылууда жана аларга Республикалык партиянын да кээ бир өкүлдөрү кошулду.

Ирак согушун баштаар алдында америкалык да, британиялык да жетекчилер Бириккен Улуттарга кайрылып, Саддам Хусейн топтогон кеңири кыруучу курал бүткүл дүйнөнүн коопсуздугуна коркунуч түзүүдө жана Багдад Бириккен Улуттардын резолюцияларын аткарбай жаткандыктан, маселени күч менен гана чечүү мүмкүн деп айтып келген. Улуу Британиянын премьер-министри Тони Блэр болсо - Ирак 45 мүнөттүн ичинде өзүнүн кеңири кыргын салуучу куралын колдонуп жиберүүгө кудуреттүү деп айткан.

Бириккен Улуттардын уруксатысыз жана бир топ европалык мамлекеттин каршылыгына карабай, Вашингтон менен Лондон согушту баштап, Саддамды бийликтен кулатты, бирок айтылган куралдын Иракта изи да табылган жок. Британияда атайын түзүлгөн көз карандысыз комиссия болсо Блэр өзүнүн докладында чалгын маалыматтарын бурмалаган эмес деген тыянак чыгарды. Согуш алдында Иракта бир нече жыл иштеген Бириккен Улуттардын атайын инспекторлору ал куралды тапкан эмес, Саддам кулатылгандан кийин болсо АКШ Иракка атайын түзүлгөн чалгындоо тобун да жиберген. Бирок ал топтун жетекчиси Дэйвид Кэй 23-январда кызматынан чегинди жана кийин Конгрессте чыгып сүйлөп, Ирактын андай куралы бар экен деп башынан тартып биз жаңылган экенбиз деп билдирди. 29-январда болсо президенттин коопсуздук маселелер боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, Ирактагы абалды баалоо учурунда кемчиликтер кеткендигин мойнуна алды.

Мындай абалда Демократиялык партиянын өкүлдөрү маселени башынан тартып иликтеп чыгууну талап кылууда жана, алардын айтымында, ал үчүн көз карандысыз комиссия түзүү керек. Эксперттердин айтымында, андай иликтөөгө бир жылдай убакыт кетиши мүмкүн, ошондуктан анын жыйынтыгы кандай болсо дагы, ал ноябрда өтө турган президенттик шайлоого сөзсүз таасир тийгизээри анык. Ошол себептен президент Жорж Буштун администрациясы андай иликтөө жүргүзүүгө ниетсиз, бирок азырынча жок деп да кескин айта элек. Бийликтин кээ бир өкүлдөрүнүн айтымында, Борбордук чалгындоо агенттиги азыр өзүнүн ички иликтөөсүн жүргүзүп жатат, ошондуктан кандайдыр бир кошумча тергөөнүн кереги деле жок.

30-январда вице-президент Дик Чейни Конгресстин кээ бир мүчөлөрү менен жолугуп, Ак үй азыр маселени талдап жатканын билдирди. Президент Буш болсо ошол эле күнү атайын билдирүү жасап, чындыкты таап-билүүгө ал өзү да кызыкдар экенин айтты: "Мен дагы фактыларды билгим келет. Согуштан кийин Иракта иликтөө тобу эмне тапканын жана согушка чейин биздин колубузда болгон маалыматтарды мен салыштырып көрүүгө мүмкүнчүлүк алгым келет".

Көз карандысыз тергөө керек экенин жакында Республикалык партиянын атынан шайланган сенатор Жон Маккейн да айтып чыкты, ошондуктан кээ бир байкоочулардын пикиринде, чындап эле АКШда Британиядагыдай комиссия түзүлүшү мүмкүн. 2001-жылдын 11-сентябрында АКШга жасалган террор аракеттеринин алдын америкалык чалгындоо кызматтары эмне үчүн ала албаганы тууралуу иликтөө дагы сенатор Маккейндин талабы менен уюштурулган.

Сенаттын чалгындоо маселелер боюнча комитетинин төрагасы Пэт Робертстин пикиринде болсо, ички тергөө аяктай электе көз карандысыз иликтөө уюштуруунун эч зарылчылыгы жок.

XS
SM
MD
LG