Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:10

ОРУСИЯДА АЙРЫМ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕР ПАРТИЯ ТҮЗҮҮГӨ УМТУЛУУДА. ОРУС БИЗНЕСИ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫК ҮЧҮН КҮРӨШӨТ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва Орусияда 14-мартка белгиленген президенттик шайлоого кимдер талапкердигин коюшу мүмкүн? Өлкөдө бийлик менен бизнестин ортосундагы таймашта ким жеңишке жетишти? Мына ушул жана башка темалар өтүп бараткан аптадагы орусиялык басма сөз беттеринде олуттуу талкууну жаратты.

Ушул жуманын шаршембисинде Орусиянын Борбордук Шайлоо Комиссиясы президенттик үчүн ат салышкан атуулдардан аларды талапкер катарында каттоо үчүн керектүү сандагы колдорду кабыл алууну токтотту. Талапкерлердин ичинде басма сөз өкүлдөрүнүн өзгөчө кызыгуусун Владимир Путинден сырткары, «Атамекен» блогунун лидерлеринин бири Сергей Глазьев менен Ирина Хакамада жаратканы даана байкалат.

Бул окуяга чейин мурдагы Думадагы оңчулдардын СПС партиясынын курултайы өтүп, анда партия мүчөлөрү алардын катарынан чыккан Хакамаданы колдобоо чечимин кабыл алышкан эле. «Эми бул президенттик шайлоодо баары бир жеңишке жетишпесин даана түшүнгөн саясатчы шайлоодон кийин жаңы либералдык-демократиялык партия түзүү ниети бар экендигин айтты», - деп жазат жума күнү «Коммерсант» . Макалада айтылгандай, «Хакамада жаңы түзүлүүчү партиянын башында турууга озунбайт. Бирок, эгерде өлкөдө демократиялык оппозицияны жетектөөгө кудуретүү эркек табылбаса, анда Хакмада «каарман-аял» болууга да даяр экендигин билдирген».

Ал эми «Независимая газета» Хакамада түзөм деп жаткан жаңы демократиялык партия келээрки парламенттик жана президенттик шайлоолорго чейин азыркы саясий режимге карата күчтүү атаандаш болуп жетилиши мүмкүн экендигине токтолот.

Ошол эле учурда буга чейин Владимир Путинди «Норд-Ост» трагедиясында ууландыруучу газдын айынан каза тапкан барымтадагылардын өлүмүнө күнөөкөр деп чыккан Хакамада эми бул теманы мындан ары козгобой тургандыгын айтыптыр. Анткени бир катар басылмалар анын бул кадамын өлгөндөрдүн айынан саясий упай топтоп жатат деп айыпташканы белгилүү.

Өз кезегинде «Известия» күндөлүк басылмасы президенттикке талапкер катарында көрсөтүлгөн эч кайсыл саясатчы Владимир Путинден президенттик такты тартып ала албай тургандыгын кайталап, мындай жагдайда шайлоого озунган Хакамада бул окуядан кандай пайда көрөөрү такыр белгисиз экендигине таң калды. «Бир катар талапкерлер шайлоого катышуу ниетин Владимир Путинге колдоо көрсөтүү максаты менен түшүндүрүштү. Мындай окуя адам баласынын тарыхында цивилизациялуу мамлекетте буга чейин болуп көрбөгөн нерсе. Коом чынында эле терең ооруга чалдыккан өңдүү», - деп кооптонот журналист Александр Архангельский.

«Ал эми маалымат майданында аты көп аталган экинчи талапкер – «Атамекен» саясий блогунун жетекчиси Сергей Глазьев, «Коммерсант» жана «Известия» гезиттеринин маалымдашынча, ушундай эле аталышта жаңы партия түзүү каалоосун билдирип, бул үчүн шашылыш түрдө курултай өткөргөн». Глазьевдин жакын кесиптештеринин бири, курултай учурунда чет-мамлекетте жүргөн Дмитрий Рогозин анын жоктугунан пайдаланып жаңы партия түзүүгө ашыккан Глазьевди «блокту таркатуучу» деп айыптап чыкты. Рогозиндин ишениминде, жаңы партиянын түзүлүшү өтө эле күмөндүү.

«Бүтүндөй өлкөнүн капиталисттери, бириккиле!» Мына ушундай аталышта басылган «Время новостей» гезитиндеги макалада орус жериндеги жалпы бизнес чөйрөсү анын алкагына жана мүмкүнчүлүктөрүнө карабастан, бир ири уюмга бириге тургандыгы айтылды.

«Негизи, Орусияда ишкердик катмар үч негизги топко бөлүнөт: өлкөнүн өндүрүүчүлөр жана ишкерлер Кеңеши ири бизнестин өкүлдөрүн жыйнаса, «Ишкер Орусия» уюму орто бизнестин, ал эми «ОПОРА» - кичи ишкердиктин кызыкчылыгын коргойт. Эми бул түшүнүк такыр жоголушу айкын. Максат – жумуриятта ушул тапта калыптанган зөөкүр бийликтен биргеликте коргонуу», - дейт макала автору Вера Ситнина. Ошол эле учурда бул ой Кремль тараптан да берилиши ажеп эмес дейт ал.

Ал эми саясий аналитиктер бул окуяга бир жактуу карашпайт. Саясий технологиялар борборунун жетекчиси Игорь Бунин ишкерлердин биригүүсү алардын расмий бийликтен көз карандылыкты сактап калуусуна өбөлгө түзөт деп ойлосо, Жогорку экономика мектебинин өкүлү Евгений Ясин «бул иш-чара бизнес үчүн эч кандай деле пайда алып келбейт» деп ишенет.
XS
SM
MD
LG