Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

АЛМАЗ АТАМБАЕВ: АКАЕВ БИЙЛИКТЕН КЕТПЕСЕ, ЭЛ ТОЛКУП КЕТИШИ ЫКТЫМАЛ


Бишкек. «Ар бир эл башкарган адам элдин чыдамын текшербей убагында бийликтен кетүүсү керек. Эгерде, Аскар Акаев келээрки президенттик шайлоого бара турган болсо, Кыргызстанда да эл толкуп кетиши ыктымал». Мындай пикирин Элдик конгресс тарабынан президенттикке талапкердиги көрсөтүлгөн Кыргызстан Социал-демократиялык партиясынын төрагасы Алмаз Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде билдирди:

- Аскар Акаев бийликтен кетпесе, эл толкуп кетиши мүмкүн. Анткени бүгүнкү күнү эл чындыкты соттон барып издебейт. Алар чындыкты, адилетүүлүктү өздөрү барып алышат.

Ал эми Аскар Акаев буга чейин бир нече курдай келээрки шайлоого барбай тургандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG