Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:25

АДАМ УКУГУ МАСЕЛЕЛЕРИ ЭКИ КҮН ТАЛКУУЛАНДЫ


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Борбор Азиянын адам укуктары боюнча милдеттенмелери: жетишкендиктер жана милдеттер» деп аталган Эл аралык конференция соңуна чыкты. Соңку отурумда Борбор Азия мамлекеттериндеги запкы көрсөтүүлөргө, сөз эркиндигине, маалымат каражаттарынын абалына, терроризмге каршы күрөшкө жана адам укугунун жагдайына байланышкан маселелер талкуулады. Жыйындын жүрүшүндө «Республика» газетасынын баш редактору Замира Сыдыкова сөз сүйлөдү. Ал: «Кыргызстанда психологиялык зомбулук бар. Ал эми адамга тикелей зомбулук жасоо фактыларын өлкөдө аныктоо татаал. Анткени, бийликтин ачык запкысын тарткандар, ал тууралуу маалымат берүүнү каалашпайт», - деген пикирин билдирди. Конференцияга Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия өлкөлөрүнөн укук коргоочулар, Эл аралык Хелсинки Федерациясы баш болгон укук коргоочу уюмдардын, ЕККУнун Кыргызстандагы кеңсесинин өкүлдөрү жана кыргызстандык укук коргоочулар, юристтер, журналисттер катышышты. Конференция Адам укугу боюнча Эл аралык Лига менен Рамазан Дырылдаев жетектеген «Адам укугун коргоо боюнча Кыргыз комитети» тарабынан уюштурулду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG