Линктер

дүйшөмбү, 1-май, 2017 Бишкек убактысы 12:22

Тайландда канаттуулар сасык тумоосун жугузуп алган адамдардын саны 14 кишиге жетти


БАНКОК. Тайландда канаттуулар сасык тумоосун жугузуп алган адамдардын саны 14 кишиге жетти. Ооруну жугузуп алгандардын көбү- балдар, алардын үчтөн биринин ахвалы оор. Тайланд менен Вьетнамда бул дарттан 12 киши каза болду. Үй канаттууларынын сасык тумоосу Азиянын 10 өлкөсүн каптады. Бирок Тайланддын премьер-министри калкты дүрбөлөң түшпөй, тоок эти менен жумурткасын мурдагыдай эле жей берүүгө үндөдү. Ал канаттуулар этин жегенденден ооруну жугузуп алгандарга өз капчыгынан кенемте акча төлөп бергенге убада берип, туура бышырылган азык-түлүктөн оору жукпай турганын айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG