ИСЛАМАБАД. Пакистандын ядролук программасын иштеп чыккан окумуштуу кызматынан алынды. Такталбаган маалыматтар боюнча, Пакистандын ядролук программасынын "атасы" деп эсептелген Кадыр Хан ядролук технологиялар жаатында чыккан айыптоолорго байланыштуу премьер- министрдин кеңешчилигинен алынды. Ноябрь айында АКШы Пакистандын ядролук технологиясы Иран, Түндүк Корея жана Ливия сыяктуу өлкөлөргө жашыруун сатылган болуу керек, деген шектенүүлөрүн билдирген эле. Буга байланыштуу Коопсуздук кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөдө Кадыр да суракка алынган. Иликтөөнүн жыйынктыктары боюнча Пакистан бүгүн маалымат таратуусу күтүлөт.