Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:30

ЖАШ ЧЕЧЕНДЕРДИН АЙТЫШЫ


Жазгүл Жамангулова жана Алтынбек Исмаилов Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясынын жаштар бөлүмү «Чечен айтыш», деп аталган көрсөтүүнү даярдайт. Бул көрсөтүү жаштардын арасында чечендик өнөрдү жандантуу максатында уюштурулууда. Бирок учурда коомчулукта аталган берүү туурасында кайчы пикирлер айтылууда.

Сыналгыдагы бул көрсөтүүнүн башкы максаты - унутулуп бараткан чечендикти жандантуу жана сөз менен иштеген жаштарды элге таанытуу болуп эсептелет. Анда эмесе мына ушул теле көрсөтүү туурасында айтылган ар кандай ойлорго кезек берсек.

Чечен айтышка катышып жүргөн кайсыл балдарды тааныйсыз, деген суроого өзүн Айтпаев Нурлан деп тааныштарган атуул мындайча өз пикирин билдирди:

- Чечен айтышка катышып жаткан балдардын көпчүлүгү үйрөнчүктөр. Көпчүлүгүнүн деңгээли төмөн десек да болот. Алар илгерки чечендерге баары бир жетпейт. Бирок алардын арасында талнттуулар да бар. Бирок чыгалбай жатышат. Анткени мамлекеттик телеканал болгондон кийин курчураак сын айтып койсо аны кесип салат. Сөз эркиндиги жок.

Ал эми ушул өнөрдү изилдеп жүргөн доцент Атыркүл Ибраева «бүгүнкү чечендик, улуу чечендиктин баркын кетирүүдө», - деген оюн билдирди:

- Мен «Чечендик сөз жана чечендик айтыштын табияты» деген темада биринчилерден болуп кандидаттык диссертация жактагам. Кыргызда өткөн чечендердин таржымалын тактоого киришкенмин. Бүгүнкү күндө ушул чечендик сөздөр боюнча докторлук диссертациянын үстүндө иштеп жатам.

«Чечендик айтыш» деген өзү кандай болгон?. Илгери эки чечен айтышканда жеңилип калган жагы өлүмгө дуушар болгон. Демек бул - «сөздүн магиялык күчү», «сөздүн касиети» дегенди түшүндүрөт. Жеңилдиңби бүттү, «акыркы сууң түгөндү» деген маанини түшүндүргөн.

«Чечендик айтыш» деген сөздүн өзү - бул эки адам чыгып алып эле саймедиреп кооз сүйлөй берүүэмес. Сөздүн ыгына жараша сөз таап, берилген суроого өз орду менен жооп берүү.

Ал эми бүгүнкү күндөгү КТРдеги жаштар студиясы уюштурган «Чечендик айтыш» жаңы башталганга караганда бир аз түзүгүрөөк боло баштады. Бирок чечендик айтыш десе эле экөөнү биринчи айтыштырып, анан калп айттырып, макал-лакап айттырууда. «Чечендик айтыш ка» жалаң эле калп, макал-лакап кирбейт да. Ал чечендик айтыштын бир компоненти. Телеберүүгө чыгып жатканда ошонун кандай деңгээлде жүрүшүн түшүндүрүш керек болчу.

«Калп» - өзүнчө фольклордук жанр. Калп айтат десе эле чыгып алып «мен ушундай тарелкага олтуруп алып асманды көздөй учуп, анан кийин жылдыз менен жүрүп» деп. Ал эч кандай чечендикке жатпайт. Ал эч кандай телеберүүнү көркөмдөбөйт. Тескерисинче, кишинин күлкүсүн гана келтирет. «Чечендик айтышка түшүп жаткан балдардын дээрлик бардыгы» деп айтпайм бирок алардынжетимиш пайызынын айтышка түшө турган дарамети жок. Эгерде, мындай көрсөтүүнү уланта берсе «илгерки кыргыздын чечендик айтышы ушундай эле болгон турбайбы, жөн эле экөө чыгып алып бир-бирин карап сүйлөй берсе чечендик айтыш боло берген турбайбы», - деген пикир калышы мүмкүн. Ошондуктан, анын маанисин тереңдетишибиз керек.


«Чечен айтыш» өз өтөөсүнө чыгып жатабы?» деген суроого сыналгыдагы көрсөтүүнү баштоочулардын бири Ырысбай Исаков мындайча жооп берди:

- Максатыбыз - азыр эжелеп сүйлөп калган кыргыздардын сөзүн куюлуштуруп сүйлөбөсө дагы өзүнүн оюн кенен айтканга жеткирип алуу. В.Радлов бир кезде тамшанган кыргыздын сөздөрү кайда калды? Ошол нерселерди калыбына келтирүү. Болбосо азыр от албаган мотордой болуп онтоп-онтоп сүйлөп калдык барыбыз. Ойду таппай талаалап кетебиз. «Бүткөн ишке сынчы көп, бышкан ашты жечү көп», дегендей, жаңы башталганда ар нерсени айткандар болууда. «Туура эмес», «туура» дегендер бар. Мактагандар да, жамандагандар да туура айтат. Болгону бир нерсени эске алып коюшса, бала төрөлөөрү менен эле жүгүрүп кетпейт. Мүдүрүлүп чалынып, басар жолдон жаңылып отуруп акырын-акырын өзүнүн калыбына келет. Ошондуктан, «кеңеш бергенден көрө көмөк берсе жакшы болот эле» деген ой.
XS
SM
MD
LG