Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

КЫРГЫЗСТАНДА КУРМАН АЙТ МАЙРАМДАЛДЫ


Бүгүн Кыргызстанда Курман айт майрамы майрамдалды. Бишкектеги 20дан ашык мечиттерде айт намазы окулду. Курман айт намазына келгендер Жогорку Кеңештин алдындагы эски өкмөт аянтына батпай, Алатоо аянтына чейин тизилип турушту.

Курман айт намазына Бишкекте жашаган жана борборго келген 10 миңге чукул мусулман чогулду. Бул ыйык кʏндʏн мааниси тууралуу кыргыз мусулмандарынын муфтийи Мураталы ажы Жуман уулуу:

- Бүгүнкү ыйык Курман айт майрамы баардыгыбызга куттуу болсун! Бул күндүн чоң майрам, чоң айт деп аталганынын бир себеби мында: бүт дүйнѳ мусулмандары Алла Таалам насип кылган бүгүнкү күнү Мекеге барышып, ажылык милдетин аткарышат. Ал милдет ошолордун пешенесине жазылып буйруган жана насили кошулуп калган адамдар менен бирге мусулмандык бир милдетин аткарып жатышат, - деп түшүнүк берди.

Курман айт намазына вице- премьер министр Курманбек Осмонов да катышып, өлкɵдɵгʏ жалпы мусулмандарды ɵкмɵттүн атынан куттуктады:

Ѳзүңүздѳр күбѳ болгондой акыркы жылдары Кыргыз республикасында дин иштерине кеңири жол берилип жатат. Сауд Арабстан быйыл тѳрт жарым миң кыргызстандык атуулдун ажылыкка баруусуна уруксаат берип, азыр тѳрт миңге жакын адам ѳздѳрүнүн ыйык зыяратын жасоо үчүн Мекеге кетишти. Бүгүнкү Курман айт майрамыбыз кут болсун, ар бириңиздердин жакшы үмүт тилегиңиздерди Кудай кабыл кылсын!.

Намазга чогулгандарды Бишкек шаарынын мэри Медетбек Керимкулов да куттуктап, Курман айт адамдарды ыймандуулукка, айкѳлдүккө, боорукерликке, адеп-ахлактуулукка үндѳөрүн баса белгиледи.

Мындай куттук тилектерин Тʏркиянын Кыргызстандагы элчиси Музафар Эрɵктɵм, Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг да билдиришти. АКШ элчиси өз куттугун кыргыз тилинде:

Атсалоому алейкум, ушул жерде сиздер менен ыйык Курман айт күнү бирге турганыма кубанычтамын. Кудай баарыбызды колдосун! Айт маарек болсун! - деп билдирди.

Айт намазга жыгылгандарды Иран Ислам республикасынын Кыргызстандагы элчиси Вагер мырза да куттуктап, өз колунан уруксаат виза алып ажылыкка кеткен кыргыз атуулдарынын ажылыгынын кабыл болушун тиледи.

Курман айт мусулмандардын нечендеген кылымдар бою, ар башка доорлордо, ар тʏркʏн жагдайда майрамдалып келген ыйык майрамы. Анын Курман айт кγнγ аталып калганынын узун тарыхы, тʏгɵнбɵгɵн узак баяны бар жана ал төмөндөгүчө: Ибрахим пайгамбар бир кγнγ тγш көрөт. Тγшγндө Кудайдан «Өз уулуңду курмандыкка чалгын (сойгун)» деген белги болот. Мындай буйрук Ибрахим Алейхиссамды сыноо γчγн берилет. Ал жандай көргөн жалгыз уулун курмандыкка чалууга камданып калганда, Кудай ырайымдык кылып, анын ордуна кой союуга буйрук берет.

Ошондон бери курмандыкка кой, эчки, уй, төө союлуп калган. Кой менен эчкини бир адам сойот. Ал эми уй менен төөнγ жети адам биригип сойсо туура болот. Аны колунда жок жарды-жалчыларга саадака берип, кайрымдуулук кылуу керек. Алла Тааладан кʏнɵɵлɵрʏбʏздʏ кечиришин сурап, тобо кылуу зарыл. Урушкандар жарашып, ден соолугу начар, ооругандардын ахыбалын сурап кабар алуу парз. Бул дүйнɵдɵн ɵткѳн момун мусулмандар ʏчʏн куран окуп, бата кылуу шарт.

Бул кʏнү мусулмандар Мекеге барып зыярат кылып, ажылык милдетин аткарышат. Быйыл Кыргызстандан 3700 адам ажылык сапарга кетишкен. Бул былтыркыга салыштырмалуу миң адамга кɵп.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG