Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:49

Кыргыз өкмөтүнүн мүчөсү Мароккого барат


БИШКЕК. Вице-премьер министр, президенттин тышкы инвестицияларды тартуу боюнча атайын өкүлү Жоомарт Оторбаев 4-5-февраль күндөрү Марокконун Марракеш шаарында өтө турган экинчи эл аралык «Тегерек столго» катышат. Мындай маалымат бүгүн атайын өкүлдүн катчылыгынан алынды. Ал маалыматка караганда, «Тегерек столду» Дүйнөлүк банк, Азия,Европа өнүгүү банктары жана Өнүгүүнүн Америка аралык банкы менен бирге Африканын өнүгүү банкы өткөрөт. Буларга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өнүгүүгө жардам берүү комитети да кол кабыш кылат. Жыйынга дүйнөдөгү 35 мамлекеттин каржы министрлери, 30 чакты агенттиктердин жана банктардын жетекчилери катышат. Алар донорлордун биримдиги мамлекеттердин өнүгүүсүн башкаруудагы олуттуу тармак болгон статистикалык система менен башкарууну пландоону бекемдөөдө кандай иштей алат деген маселени талкуулап, мамлекеттердин милдеттенмелерин аткаруусун иликтөөгө алышат.

XS
SM
MD
LG