Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:04

Адам Укуктарына арналган конференцияда резолюция кабыл алынды


БИШКЕК. «Адам укуктары боюнча Борбор Азиянын милдеттенмелери: жетишкендиктер жана милдеттер» аттуу эл аралык конференция ишемби күнү аяктады. Анда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна кайрылуу жолдоо тууралуу резолюция кабыл алынды. Мындай маалымат бүгүн Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин башкармалыгынын мүчөсү Замира Сыдыковадан алынды. Анын маалыматына караганда, резолюцияда Борбор Азиядагы мамлекеттер адам укугун сактоо, массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги, шайлоолоордун калыстыгын камсыз кылуу жаатында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жана башка эл аралык уюмдардын алдында алган милдеттенмелерин так аткарууга таасир көрсөтсүн деген талап айтылды. Андан тышкары кийинки кезде Борбор Азия мамлекеттеринде күч алып кеткен авторитардык башкарууну басаңдатууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылды. Борбор Азиядагы адам укуктарынын абалына арналган эл аралык конференция Адам укуктары боюнча эл аралык лига менен Рамазан Дырылдаев жетектеген Адам укугу боюнча кыргыз комитети уюштурган.

XS
SM
MD
LG